Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолборс Жоробеков: “Кандай гана кыйынчылык жаралбасын, Миталип аке ошондон да жакшы жагын таба билет”

Жолборс Жоробеков: “Кандай гана кыйынчылык жаралбасын, Миталип аке ошондон да жакшы жагын таба билет”

08-ноябрь, 17:36
895 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биз гезитибиздин өткөн санында саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Жолборс Жоробеков менен болгон маегебизде ал киши “доорубуздун чыгаан дарыгери, Кыргыз Эл Баатыры Миталип Мамытов тууралуу китеп жазып жатам” деген эле. Ошондуктан автордун макулдугу менен ошол китептен куш тилиндей маалыматты бере кетүүнү чечтик. Анда китептин орто жеринде “Гениалдуулуктун таажысы” деген бөлүм бар, ошондон бир шиңгил узаталы.

-- Жолборс аке, сизге “чычкактаган” суроолорду бергенден алысмын. Өзүңүз эле кепти баштап, аягына чейин Кыргыз Эл Баатыры Миталип Мамытовго арналган китебиңиз жөнүндө айтып берсеңиз? 

-- Миталип Мамытовичтин баскан жолу, анын кынтыксыз операциялары жөн эле ар бир хирург жасаган көнүмүш операциялар эмес, адамдын мээсине жасалган операциялары жөнүндө, күнүмдүк турмуш тиричиликте баскан-турганы боюнча атайын белгилеп жазып жатып, ал кишинин калеминен чыккан, коомчулукта чоң резонанс жараткан “Гениальность – корона мудреца, духовность безумца” деген эмгегинен кыйгач өтүүгө мүмкүн эмес. Миталип Мамытович окумуштуу профессор катары жүздөгөн илимий макала, монография, окуу методологиялык куралдарды жазды, биз алар жөнүндө атайын токтолгон жокпуз, биздин милдетке да кирбейт. Ал эми биз жогоруда сөз учугун улаган “Гениальность...” бул жөн эле врач окумуштуунун, болбосо “ийне менен кудук казган” философ, психолог, социолог, политологдун ж.б. илимпоздун чыгармасы эмес, бул эмгек ушулардын баардыгын өз кучагына алган, эрудициясы ошолорду дээрлик камтыган адамдын калеминен жаралган эмгек. Чынымды айтайын, анча-мынча китеп окуу маданияты пасыраак адам аны окуса да түшүнбөйт. Окуш үчүн өзүнчө даярдыгы бар адам колуна калем сабын алып, шашпай маашырлануусу керек. 

Ушундан улам бир аз чегинүү жасайын. Адамзат жашоо процессинде өзүн-өзү жок кыла турган эбегейсиз күчтүү каражат – атом бомбасын тапты. Бул куралды өрчүтүп отуруп атом бомбасы бар мамлекеттер көбөйүп, андан болгон коркунуч өткөн кылымдын 80-жылдарынын орто ченинде өз апогейине жетти. Анын себеби, эки карама-каршы системанын жашап турушу – атаандаштыктын мурда-кийин болбогондой өкүм сүрүшү. Эгер эле атом бомбасын колдонуу согушу тутанса, анда жер өз огунан чыгып, адамзат жашабай калуу коркунучу реалдуулукка айланып калган эле. Миңдеген, миллиондогон жылдык тарыхы бар жер шары, гүлдөгөн цивилизация көз ачып жумганча жок болуп, дин аалымдары айтып жүргөн кыямат кайым жакындап келип калган. Мына ушул кырдаалда Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк ири ойчулдарды, чоң интеллектуалдарды ар бир континенттердеги Нобель сыйлыгынын лауреаттарын, таасирдүү мамлекеттердеги элдин акылы, ар-намысы болгон инсандарды, дүйнөлүк деңгээлдеги ойчулдарды Ысык-Көлгө чакырып, “Ысык-Көл форуму” деген ат менен дүйнө элдерине белгилүү болгон иш-чара өткөргөн. Ошол форумдун ачылуу аземинде Чыңгыз Айтматов минтип айткан эле: “Техникалык жактан пайгамбар, ал эми нравалык жактан алиге жапайы жана түркөй азыркы адамзаттын башына өз ара карама-каршылыктарынан жоголуу коркунучу үйүлдү. Акыл-эстин өсүшүнүн жыйынтыгы эмнеге келип такалды? Аң-сезимдин эволюциялык эң жогорку өнүгүүсү кандай? Ал алааматка айланып кеткени турат? Өзүн-өзү кыйратуу, кыргын салуу менен жарык дүйнөдөн өз изин өчүрө тургандай беле? Кудурети, күч-кубаты эбегейсиз, болуп көрбөгөндөй өсүп-өнүгүп, анан өз акыл-эсинен ошол жетишкендигин көтөрө албай, анын астында калып, былчыйып жок болуу чыны менен эле адамзат тукумунун бешенесине жазылганбы?” деп дагы бир топ маселелерди ортого таштап, ошонун тегерегинде ой калчашат. 

Жыйырмага жакын дүйнөлүк ойчулдар “Бүгүнкү күндүн чындыгы – атом кылымынын чындыгы. Бүткүл дүйнөнүн интеллектуалдык күчтөрүн, алардын акыл-эсин, жандүйнөсүн “Жер планетасы жашап калабы же жокпу, анда жашап жаткан адамдар аман калабы, же баардыгы тыйпыл болобу?” деген негизги маселенин бирден-бир туура чечилишин табууга мажбурлоодо. Биздин билишибизче, мунун чечилиш жолдору аз эмес. Анан алардын ар бири тарыхый, социалдык, а кээде субъективдүү себептер менен шартталган” деген Ч. Айтматовдун оюна макул болушкан. 

Форумдун ар бир катышуучусу өз өлкөсүндө бул маселени көтөрүшөрүн жана тынымсыз бул форумда көтөрүлгөн маселени ар бир мамлекеттерде өткөрүп турууну пландаштырышкан. Чындыгында атом бомбасы ушундай коркунучту жараткан. Ошого дүйнөлүк ойчулдар, интеллектуалдардын тынчсыздануусу, ага каршы аракеттери дүйнөлүк коомчулукта, коомдук пикирде жылуу резонансты пайда кылган. Мындан башка жол болушу мүмкүн эмес эле. Болбосо кыямат кайым болуп, жер астын-үстүн аңтарылып, адамзат жашоосу токтомок. Ошондуктан ошол кезде бул маселе дүйнөлүк деңгээлде №1 эле. Аныгында адамзаттын акыл-эси жеңди. Кандайдыр бир деңгээлде коркунуч сакталып калганы менен баягыдай глобалдык кыйроого алып келе турган апаат артта калды.

Мына, андан бери да кырк жылдай мезгил сызып өтүп, дүйнө калкы эми мурда-кийин билбеген, адамзаттын практикасында тааныш эмес “корона” аттуу вирус пандемиясына туштукту. 

Атом бомбасы адам баласынын эс-акылынан жаралып, ага баш ийет эле. Же алааматты баштоо үчүн конкреттүү адам конкреттүү кнопканы басышы керек эле. Башкача айтканда, адам өзүн-өзү жок кылыш үчүн өзү аракет кылышы керек эле. Ал эми бул жерде коронавирус чек араларга, мамлекеттик мыйзамдарга баш ийбей, дүйнөнү өрт каптагандай кылды. Бир гана жол калды – ал ар бир адам үйүнөн чыкпай, эч кимге жолукпай, чүмкөнүп эле жатуу. Мамлекеттер коменданттык режимди киргизишти, “карантин” деп жарыялашып, тартипти күчөтүштү.

Бул мезгил иши бүтпөй тынымсыз чуркап жүргөн адамдарды азоо атты үйрөткөндөй жоошутуп үйдө кармады. Адамдар бир үй-бүлөдөгүлөр бирин-бири көңүл коюп карап, бири-бирине болгон мамилени өзгөрттү. Онлайн окуу, онлайн жумуш, аралыктан баарлашуу, аралыктан сүйлөшүү ж.б. биздин турмушка кирди. 

Мына ушул кырдаалда ондогон жылдары бир мүнөт да иши жок отура албаган Миталип Мамытович өзүнүн айтымында ушул китепти жазды. Ошондуктан, биз жогоруда айткан Миталип акенин эпиграфы мезгилге дал келип турат. Албетте, бул ошол пандемия күндөрү эле үйдө эринип отургандан эле жазылган эмгек эмес. Бул өтө олуттуу болгондугунан менин оюмда Миталип акенин бүт акыл-эстүү мезгилинде, мээсинде чогулуп, пландаштырылып жүргөн. Бирок мүмкүнчүлүк болбой же бизде айтылгандай сааты чыкпай жүргөн. Ошондуктан керектүү мезгилде, керектүү жерден пандемия чыга калып бир дем менен шилтеп салды го. Тургунбай Садыковдун айтымында, Миталип аке адамдын ой жүгүртүүсү, адамдын учуп жүргөн жаны жана акыл ой туюму качан болот, качан жоголот – бул мээ менен күн сайын кездешкен адамда гана эмеспи. Демек, Миталип аке кандай кыйын кырдаал жаралбасын, ошондон да жакшы жагын таба билип, аны туура пайдалана билиш керек деп жазат. Мына ушул материал даярдалып жаткан кезде да Миталип аке менен ушул китеп жөнүндө сүйлөшүп калдык. Ал кишинин айтымында, бул китеп дагы толукталып, кайра басылат шекилди. Эң сонун болор эле. Бул китеп даярдыгы бар медиктерге, философторго, психологдорго, педагогдорго, деги эле адамдын жашоосунун маңызына, адамдын акыл-эсине, ой жүгүртүүсүнө, адамдын өлүм-өмүрүнө кызыккандардын баардыгына багышталмакчы. 

“Мээ менен болгон көп сандаган көзмө-көз, бетме-бет кездешүүлөр мени эч убакта кош көңүл калтырган эмес” деп эскерет Миталип Мамытович. “Мээге операция жасоо маалында менде ар кандай ойлор жаралат эле. Тирүү мээни көрүп туруп, анын өзгөчөлүктөрү жөнүндө жазып бериш абдан татаал иш. Жазбай коюш андан бешбетер кыйын. Анткени, кесибим боюнча мээ менен тыгыз байланышта болуп, анын кайсы бир бөлүгү менин колумда турганы чындык нерсе да. Адамдын мээси жаратылыш тарабынан кылымдар бою кынапталып жасалган эң көркөм, төрт тарабы төп келген көсөм орган. Дүйнөдө эч бир акын, эч бир чечен анын табият жараткан өзгөчөлүгүн, сулуулугун сүрөттөп бере албайт. Дүйнөгө белгилүү болгон улуу десең улуу, гений десең гений окумуштуулардын аракетине карабастан, мээнин маңызы дагы деле ачылбаган купуя сыр, табышмак бойдон калууда. Бул орган табият тарабынан адам баласынын көзүнөн, колунан алыс катылган, баш сөөк менен чептей бекем курчалган”...

-- Сөзүңүзгө аралжы, сабыр кылыңыз, ушуну менен кыскарта турсак. Мындан аркысын зирек окурман китеп чыкканда таап, окуп аларына ишенели.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер