Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Игорь Шестаков: «Ыйман Нуру» партиясы боюнча айта турган болсом...»

Игорь Шестаков: «Ыйман Нуру» партиясы боюнча айта турган болсом...»

29-октябрь, 12:51
457 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Шайлоо алдындагы абалды кандай баамдап жатасыз? Элдин маанайы кандай?

-- Шайлоо алдындагы абал 2020-жылдагыдан да алда канча оор. Буга саясый-экономикалык кырдаал себеп болууда. Экономикалык жактан бир дагы позитивдүү көрүнүш жок. ЕАЭБдин алкагында жана Россия менен болгон мамиленин жакшы болгону үчүн гана биздин жарандардын ал жакта иштеп, которгон каражаттарынын көлөмү өзгөргөн жок. Маселен, 2020-жылы пандемия, кризис болгонуна карабастан, 2019-жылдагыдай эле мекендештер тарабынан 2 миллиарддан ашык акча которуулар болгон. Бул жылы Москвага бир канча жолу барып келдим. Байкашымча, Россияга кетип жаткан миграциянын агымы мурдагыдан дагы өсүп жатат. Ушул процесттердин бардыгы шайлоого таасирин тийгизет. Себеби, жарандар жеке кызыкчылыктарын эске алуу менен добуш беришет. Оор шарттарда өтүп жаткан бул биринчи шайлоо эмес. Буга чейин президенттик жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарына шайлоо өттү. Бул жерде жарандардын шайлоого катышуу активдүүлүгү туурасында белгилеп кетүү керек. Себеби, автидүүлүк өтө төмөн болгон. Мунун мен жогоруда айткандай, саясый-экономикалык абал менен байланышы бар. Анткени жарандар шайлоого катышып жаткан саясатчыларга ишенбей, көңүлү калып баратат. Ошол эле учурда шайлоо процесстерине болгон ишенимден кетиши себеп болууда, «мен канчалык шайлоого барып катышпайын, жашоом өзгөргөн жок» деген түшүнүк кеңири тарап жаткан учур. 

-- Бул шайлоодо эмне өзгөрөт?

-- Албетте, бу саам партиялар шайлоочуларды массалык түрдө участкаларга ташып келбейт. Социалдык тармактарда партиялык системадан көңүлдөрү калганын билдиргендер көп болду. Ошентсе дагы айрым партиялардын аларга добуш бере турган туруктуу электораты бар. Ал эми бир мандаттуудан ат салышкан талапкерлер көбүрөөк шайлоочу алып келүүгө кызыкдар болушу мүмкүн. Адистердин айтканына караганда, азыркы биз колдонуп жүргөн урналарды алдап коюу мүмкүн эмес. 2020-жылы шайлоодо кеткен эң чоң кемчилик – массалык добуш сатып алуулар болгон. Бирок, бул күтүлгөн нерсе болчу. Анткени, былтыр шайлоого катышкан талапкерлер парламентке акчага добуш сатып алуу менен эле келе алат болчу. Алар жарандардын добушун сатып алганы менен элдин ишеничин ала албай, кулатылган. Бул өтө коркунучтуу абал. Канчалык шайлоого катышуучу көп болгон сайын, ошончолук окуя кайталанып кетүү коркунучун жаратат. Муну унутпашыбыз керек. Бул кырдаалды азыркы бийлик эске алып туру. Ошол себептен Садыр Жапаров добуш сатып алуу болбой, шайлоо таза жана ачык өтөрүн бардык жерде айтып жатат. Катуу күрөш бир мандаттуу аймактан бараткандар арасында орун алат. Себеби, ал жакта талапкерлердин саны алда канча көп. 

-- Спикер Талант Мамытовду БШК каттоодон баш тартты. Ал эми айрым диний көз караштагы талапкерлерди, «Ыйман Нуру» партиясын шайлоого катыштырбоо бонча жарандардан БШКга арыздар түшүп жатат... 

-- Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов боюнча окуяны «саясый оюн» деп кабыл алдым. Анткени шайлоо туурасында мыйзамдарды кабыл алган Жогорку Кеңештин төрагасы өзү туурасындагы мыйзамда жазылган тартиптерди билбей калышы мүмкүн эмес. Анын толгон-токой жардамчылары, юристтери, кеңешчилери болот. Алар муну айтпай койбойт. Спикер БШК аны каттоодон баш тартып коё ала турганын сопсонун билген. Бул саясый жүрүштөрдүн артында эмне турарын убакыт көрсөтөт. Ал эми «Ыйман Нуру» партиясы туурасында айта турган болсок, менимче, алар «ыйман» деген трендди добуш алууда колдонуп жатат» деп ойлойм. Биздин мамлекет барган сайын исламдашып баратканын түшүнүп, электоратты тартуу аракети болушу ыктымал. Эгерде исламды парламентке келүү үчүн колдолунуп жаткан болсо, бул бара-бара ачыкталып, жыйынтыгында партиядан андагы талапкерлерден электоратынын көңүлү калып, көз карашы өзгөрөт. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезиит

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер