Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өкмөт менен коронавирус кетпесе, “талаа командирлери” чыгабы?

Өкмөт менен коронавирус кетпесе, “талаа командирлери” чыгабы?

27-апрель, 23:21
837 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

30-апрелде карантин бүтүшү керек. Бирок өлкөбүз коронавирустан арылчудай эмес, күнүгө жугузгандар катталууда. Эгерде өзгөчө абал алынса, эл жабырап көчөгө чыгышса, пандемия ого бетер курчубайбы? Карантинди узартса кандай болот? Карды ачкан карапайым калк чыдабай кетип, бийликтин “тизгин тартуусуна” баш ийбей, кырды бычак кырдаал жаралбайбы? Жашоочулардын 70%ы оор шартка кептелди. “Оңго барсаң атың, солго барсаң өзүң өлөсүң” дегендей эле көрүнүшкө күбө болгон турабыз. Мындайда жергиликтүү “талаа командирлери” өкмөт башчы Абылгазиевди кетирүүгө, коронавирусту жеңүүгө кол кабыш кылышабы? Үмүт “үшүп” турган чак. Экономикабыз эңшерилген, өндүрүш өчөйгөн, финансылык ресурстар “итке минген” абалда. Мындай шартта күчтүү премьер-министр келип, жаңы команда менен курч кризиске батып бараткан өлкөбүздү саздан сууруп чыгышы керек. А болбосо көпчүлүктүн чыдамы түгөнүп баратат. “Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” дегендей, алдыртан коңгуроо какпасак, эртең кеч болуп калбайбы?..

Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер