Коррупцияга айыпталган Каныбек Нарбаев акыл айта баштаганда

Убагында Каныбек Нарбаев өкмөткө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине чейин жетектеп, бир топ “майталкан” кызматтарда жүргөн. Өзгөчө Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда жылдызы жанып, көп өтпөй коррупцияга шектелип, ишпалдасы чыкканы эсибизде. Башкы прокуратура тарабынан суракка алынып, бирок аягы эмне менен бүттү эле? Көмүскөдөн эсептешкенби? Негизи Каныбек Нарбаев архитектура тармагынан байып, бирок жоопкерчилиги каралбай калганын кантебиз? Былтыр да ага кылмыш иштери козголуп, жарга такалган, бирок айлакер жаны кыйчалыш кырдаалдан чыгып кетет тура. Учурда соцтармактарда блогер болуп, акыл айтып, мактанып, сүрөттөрүн байма-бай жарыялап келет. Ушундай “киттерди” көрбөгөн тергөө, орган кызматкерлери каякты карап отурат? Түшүнүксүз...
"Азия Ньюс" гезити