Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АКШдагы баанын өсүшүнөн дүйнө жүзү жабыркайбы?

АКШдагы баанын өсүшүнөн дүйнө жүзү жабыркайбы?

26-январь, 20:38
974 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

АКШда инфляция болуп көрбөгөндөй күч алды. Мындай учур акыркы 40 жылдан бери каттала элек болчу.

Учурдагы абал экономикага антикризистик деп эсептелген акча салуунун кесепетинен жаралды. Мунун азабын эми жалпы дүйнө эли тартат, бирок президент Жо Байден журналисттер менен бул тууралуу дегеле сүйлөшкүсү жок. Жалпыбызды тумчуктурчу кырдаалга сереп салган россиялык журналист Ирина Бадмаеванын макаласы РИА “Новостиге жарыяланды.

Жылына жети пайыз — бул декабрдын көрсөткүчү. Дал ушул маселе дүйшөмбү күнү Акүйдө талкууланды. Байдендин экономика боюнча кеңешчилери менен жолукканы теледен да көрсөтүлдү. Журналисттер чыгарылып жатканда “Fox News” телеканалынын кабарчысы Питер Дуси президентке "алдын ала шайлоо болордо инфляция саясый көйгөйгө айланды деп эсептебейсизби?" деп кыйкырып калууга жетишкен.

Байденге бул суроо өтө эле жагымсыз болгон өңдүү. "Бул эң чоң баалуулук. Инфляциядан чоң. Кандай мээси иштебеген иттин баласы бул!" деп жооп берген. Микрофон өчүк деп ойлосо керек.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер