Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Дегенбаев: “Соода өнөр жай палатасына Шаршекеев мыйзамсыз шайланды”

Бакыт Дегенбаев: “Соода өнөр жай палатасына Шаршекеев мыйзамсыз шайланды”

25-декабрь, 17:42
1 714 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Атамекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын жетекчиси менен маек.

-- Соода өнөр жай палатасында өткөн мыйзамсыз шайлоо боюнча көп нааразычылыктар айтылууда. Ал шайлоонун катышуучусу катары кандай пикир бөлүшөсүз?

-- Ушул айдын 18инде соода өнөр жай палатасынын президентинин жана кеңеш мүчөлөрүн кезектеги шайлоосу болуп өттү. КР соода өнөр жай палатасынын жетекчилиги өз кызыкчылыктарын коргоо жана кайра шайланышы үчүн бир канча мыйзам бузууларга барып, шайлоого катышкан кандидаттар жана съездге катышкан делегаттар арасында нааразычылыкка жол ачышты.  

-- Кандай мыйзам бузуулар болду, токтоло кетсеңиз?

-- Негизинен шайлоо ушул жыл башы, январь айынын этеги өтүшү керек эле. Бирок, соода өнөр жай палатасынын жетекчилиги пандемия шылтоосу менен шайлоону дээрлик бир жылга кечиктирди. Биз баарыбыз билгендей, пандемия жана ага байланыштуу чектөөлөр март-апрель айы киргизилген. Ошол себептен   соода өнөр жай палатасынын жетекчилиги жана кеңеши иштөө мөөнөттөрүн мыйзамсыз узартып, өз кесиптик мүмкүнчүлүктөрүнөн ашып кетишкен.

Экинчиден, кайра эле пандемия маселесине таянып, делегат санын он эсе кыскартып, өздөрүнө жакын жана лоялдуу делегаттарды тизмеге киргизгенге аракет кылышты. Өзгөчө региондордон келген делегаттар ошол жол менен тандалып алынган. Аягында лоялдуу делегаттардын көпчүлүгү менен М.Шаршекеев экинчи турда уткан болду.

 Үчүнчүдөн, мурдагы чечимдеринде жана шайлоо регламентине ылайык “президенттикке талапкер жаран 65 жаштан жогору болбошу керек” деген жүйөнү бузуп, азыркы президент М.Шаршекеев 70 жашта болгонуна көз жумуп койгон. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер