Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыдырма Орозалиев: “Президенттин жүргүзүп жаткан саясатын, реформалык иштерин толугу менен колдойм”

Кыдырма Орозалиев: “Президенттин жүргүзүп жаткан саясатын, реформалык иштерин толугу менен колдойм”

23-май, 19:30
351 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыдырма агабыз 84 жаштын кырында. Таң эрте бери дегенде 5 чакырымдай басат. Дене жибитүү көнүгүүлөрүн жандуу жасап, жаштарга дем берип турганы жүрөк жылытат. Аксакалыбыз союздун күркүрөп турган (1979-1987-ж.) учурунда КР автомобиль транспорту жана шоссе жолдор министри болуп иштеген. Министр болгонго чейин баардык тепкичтерди басып өткөн, КР транспортуна эмгек сиңирген ишмер, Эмгек Кызыл Туу орденинин кавалери. 

-- Кыдырма ага, бүгүнкү күндө кайсы көйгөй жүрөгүңүздү оорутуп келет?

-- Коомубузда кээ бир жолдоштор орус элине болгон биздин ынтымагыбызды көралбай, негативдүү ойлорун жазып, мамилени бузуп, эки элдин алакасына жаман нерселерди айтып атышат. Орус элине биз жакын болушубуз керек. Канткен күндө алар күчтүү өлкө экенин, алардын экономикасы биздикине караганда алда канча бараандуулугун танбай, эриш-аркакта болгонубуз оң. Мурдунун учунан алысты көралбаган адамдарыбыз гезит-журналдарга, телеге, жанагы интернетке орустарды жамандап, болбогон кептерди айтып, эки элдин мамилесин бузуп, ортого чок таштап аткандары жүрөгүмдү оорутат, кыжалат кылат. Канткен күндө бизди бутубузга тургузуп, билим берип, цивилдүү мамлекет болушубузга кайсы бир деңгээлде салым кошкон да. Мына ушу чоң маселени унутуп коюп, болбогон былжырак кептерин айтып атышат.

-- Президент Садыр Жапаровго аксакал катары кандай кеп-кеңеш айтат элеңиз?

-- Президент абдан туура иштеп атат. Жүргүзүп аткан саясатын, реформалык иштерин толугу менен колдойм. “Бышкан ашка сынчы көп” дегендей, чарбачылык менен алек болбогондор “антиш керек, минтиш керек” деп урдуруп атышат. Көпчүлүк учурда жөн эле жамандап аткандарын байкайм. Өлкөнүн аялуу катмары болгон мугалимдердин, доктурлардын маяналарын көтөрдү. Жакында көл сезону башталат. Ушуга карата дагы бир указ чыгарды: “Көл жээгинде жайгашкан пансионаттар жергиликтүү элдер үчүн эшиги ар дайым ачык болсун” деген. Мурун жергиликтүү эл ал пансионаттарга кире алчу эмес, ээлери эшиктерин жаап салчу. Эми сонун болуп калды. Бул жакшы көрүнүш. Садыр иним Кыргызстандын бир эле көл кылаасы эмес, баардык булуң-бурчтарында жашаган элдердин жашоосу менен жеринде таанышып, кайсы жердин кандай көйгөйү бар экенин ичинен билип, кантип чечсе болорун тийешелүү жетекчилерге тапшырма берип, анын аткарылышы боюнча отчет алып турса жаман болбос эле. Президент бюрократия жагына көңүл бурса дейт элем. Кечээ бир жигит “мага көлгө жүк менен барып турганга машинамдын үстүнө багажник койгонго МАИден уруксат алыш керек. Ал бир эле күндө бүтпөйт экен, 1-2 ай өтүп кетип атат” деген маселелер бар. Ошондой бюрократиялык иштерди бир карап койсо, тийешелүү чара көрүп дегендей. Мүмкүн, а кишиге баардык маалымат жетпей жатат окшойт. Дагы бир нерсе, мамлекеттик гезиттер мурун республика боюнча болуп аткан чарбачылык иштерди, анын алдыга жылыштары, кандай аткарылып атканын байма-бай жазып, элди шыктандырып турчу эле. Азыр мамлекеттик гезиттерди окугандан иренжийсиң. Президент ушул жагына да көңүл бөлүп койсо дейт элем. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер