Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рысбек Акматбаевден коркпогон Эдил Байсалов бараандуу саясатчыга айланганда

Рысбек Акматбаевден коркпогон Эдил Байсалов бараандуу саясатчыга айланганда

02-декабрь, 13:55
1 659 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку жетекчилердин ичинен жалгыз гана Эдил Байсалов оппозициядагы атырылган, сөз бербеген саясатчылар менен дебатка чыгып, элдин таламын талашып, бийликтин позициясын бекемдеп, алардан жеңилбей, эрөөл талаада эрдигин көрсөтүп келатат. Мамлекеттүүлүктүн туруктуулугун сактаганга, эл үчүн кызмат кылганга бышып жетилиптир. Билимине, тажрыйбасына баракелде!

Ал эми саясатчы катары Эдил Байсалов тээ Аскар Акаевдин режиминде эле таанылып, үлкөндөр Рысбек Акматбаевге үндөй албай жатканда ачуу сөзүн айтып, байма-бай сындап, криминалга каршы чыкканы эсибизде. Анын айынан кол салууга кабылганы, арматура менен башка жегени, Кудай сактап, ооруканага жатып чыкканы өзүнчө кеп. 

Мына ошол мезгилдерден бери каарманыбыз саясаттын азап-тозогун көп көрдү. Курманбек Бакиевдин кандуу бийлигинин учурунда үй-бүлөлүк коррупцияга, мафиялашкан кланга, авторитаризмге бөгөт жасап, жыйынтыгында аёосуз куугунтукталып, өмүрүнө коркунуч келгенин билебиз. Өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Себеби, өлтүрүп коюшмак да... 

Кийин Убактылуу өкмөттү Роза Отунбаева жетектеп калганда, аны менен иштешип, министрликке чейин көтөрүлгөн. Жаштыгына карабай жумушун жогорку профессионалдуулукта көрсөткөнүн билебиз. Бирок Алмазбек Атамбаев экөө келише албай, кызматынан кетип калган. Агездеги бийликтин күчтүүлүгүнө карабай, каш кайтаргандарды катарынан камап атса да коркпой, Эдил Байсалов сындаганын токтоткон эмес. Күрөшкөн. Оппозиция лидерлеринин бири эле.

Качан гана Сооронбай Жээнбеков бийликке кокусунан келип калып, Алмазбек Атамбаевге оппонент Эдил Байсаловду Лондонго элчи кылып жөнөтүп атпайбы. Мыкты иштеди. Элибиз үчүн. Акыры Соке да “сокурлугунан” ээлеп отурган тактысын тарттырып ийди. 

Ошентип, баарыбыз билгендей, Садыр Жапаровду эл көтөрүп кетип, мамлекеттин “эки чылбыр бир тизгини” колго тийди. Жаңы президент башынан эле тайманбас мүнөзү үчүн куугунтукту ченебей жеп, эки ирет түрмөгө түшкөн кыраакы саясатчы эмеспи. Натыйжада, командасын улам иргеп, мыкты кадрларды тартуу менен ишин илгерилетип баратты. Мына ушундай шартта Эдил Байсаловдун тазалыгы, эл аралык деңгээлдеги тажрыйбасы Садыр Жапаровго жагып калып, вице-премьер-министрлик кызматка көтөрдү. Кудайдын кулагы сүйүнсүн! Учурда камчы салдырбаган күлүктүн образында. Өркөнү өсүп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло берсин. “Жандооч кийик аттырат” демекчи, президентке чыныгы таяныч катары бекемделип, мамлекетке ак дилден кызмат кыла беришине тилектешпиз! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер