“Куйруктар толгонууда”... Депутат болуунун да баркы кетти


Депутат болуунун да баркы кетти. Жакпаса “куйруктары буралып”, арыздарын жазуу менен качып кетишет. Моюн толгошсо камалышат. Кыскасы ушундай. Элден таянычтары болбосо, эптеп эле келишсе, мандаттарынын мааниси жок да. Эркин ой-пикирлерин айта алышпайт. Кул мүнөздөр. Мындайларды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев туура эле калчап жатат. Катыгын берсин! Маадемектен жанчып салсын! Парламенттик бийликтин бутагын “сындырып”, ташын талкан чыгарса, көмүскөдөн күчкө айлана берет да. Соңку кездери жабыр тарткандар Камчыбек Ташиевге гана кайрылып калышты, себеби, ал маселени чечүүдө. Үйүр тобу менен жүрүшкөн көп чиновниктер өз милдеттерин аткара алышпай, президенттен улам сөгүш алышат. Аныгында, кадр саясаты аксап, татыктуулар ишке келбей, өң-тааныштар майкандаган кербезиби? Реалдуу турмуштан алганда...
"Азия Ньюс" гезити











