Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнөдө миллиардер аялдардын саны өсүүдө, а Кыргызстанда аялдардын коомдогу орду кандай?

Дүйнөдө миллиардер аялдардын саны өсүүдө, а Кыргызстанда аялдардын коомдогу орду кандай?

20-ноябрь, 19:04
1 015 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн Кыргызстандагы аялдардын активдүүлүгү тууралуу “ишкер айымдар дүйнөлүк күнүнө” арналган «Өз алдынча болуу эрдиги...» аттуу конференция болуп өттү.

Азыркы тапта Кыргызстандагы аялдардын   коомдогу орду, иши, жашоосу, саны тууралуу кеп козголду. 2019-жылдын 1-январына карата республика калкынын 3 млн 154 миңин – аялдар, 3 млн 101 миңин – эркектер түзөт. Анын ичинде аялдар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде – 16%, жергиликтүү кеңештерде – 10%, муниципалдык кызматта – 37%, мамлекеттик кызматта – 42% аялдар иштейт. Саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо чөйрөлөрүндө иштеген аялдар басымдуулук кылат.

Кыргызстанда экономикалык активдүү калктын 68%ын аялдар түзөт.

Тигүү тармагында иштеген айымдар 90% түзөт.

Тейлөө тармагында 402 ишкана бар болсо, анын 40%дан ашыгы аялдардын ишканасы.

Билим берүү тармагында: өлкө боюнча 74 миң мугалим болсо, анын 69 миңин дээрлик 90%ын аялдар түзөт. 2018-жылы 1095 ишкана болсо, анын 701 же 70% аялдарга таандык.

Айыл чарбасында 5 миңден ашык чарбалык ишканалар болсо, анын 40%ын аялдар ачкан ишканалар.

Бул конференцияга өкмөт башчы М.Абылгазиев  баштаган өкүлдөр жана коомдогу активдүү, ишкер айымдар катышты.

Эскерте кетсек, акыркы мезгилде дүйнө жүзүндө өтө байыган, миллиардер аялдардын саны жылдан жылга өсүп жатканын чет элдик иликтөөлөр жазууда. 

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер