Бир тууганым ушундай дүнүйөкор болуп калганына жүрөгүм ооруйт

Биз эки бир тууганбыз. Биздин апабыз каза болгондон бери көп жылдар өттү. Эжем турмушка чыгып кетти. Өз жашоосу менен болуп, биздин кантип жашап жатканыбыз менен да иши болгон жок. Ал аралыкта атам да катуу ооруп, инсульт дартына чалдыкты. Мага башка жашоонун кызыгы жок болуп, көп жылдар бою атама каралашып, колумдан келишинче сакайтканга аракеттендим. Ал дартты менен атам көп жылдар бою жашап жакынкы күндөрү мени таштап, оо дүйнөгө узап кетти. Ошондон соң жалгыз эжемдин жүзү ачылды. Ыраазычылыгы менен мага мураска калтырып кеткен үйдү талашууга бел байлады. Батирлеп, кайналып жүрсө мейли, эжем үчүн бөлүп берет элем. Бирок жакшы жашоолору бар. Өз үйлөрүнөн тышкары дагы эки квартираны ижарага беришип, чалкалап жашап жүрүшөт. Эми мендей байкуш жетим кыздан үй талашкан эжеме таңгалам. Бир тууганым ушундай дүнүйөкор болуп калганына жүрөгүм ооруйт. Эми мен кандай кадамга барсам?..
Мунара