Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эгиз төрөлгөндөрдүн “балага сүйүнчү” акчасы көбөйдү

Эгиз төрөлгөндөрдүн “балага сүйүнчү” акчасы көбөйдү

20-ноябрь, 09:07
3 659 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Үй-бүлөдө үч же андан ашык эм төрөлсө, жарык дүйнөгө келген ар бир бала үчүн 50 миң сомдон “балага сүйүнчү” жөлөк пулу төлөнөт. Ал эми жөнөкөй шартта төрөлгөн балдарга 4000 сомдон берилет. 

Мындай чечимге кечээ КР премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул жакында, 2019-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет.

Эмдерге жөлөк  пул берүү үй-бүлөгө социалдык-экономикалык жактан колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин буга чейин билдиргени боюнча, жети айда 88 322 балага сүйүнчү пул берилди. Сүйүнчү пул берилген балдар өткөн жылга салыштырмалуу 2,2 эсеге көп. Былтыр ушул убакытта 38 916 балага жалпы суммасы 158 685 000 өлчөмүндөгү сүйүнчү акча берилген болсо, быйыл мамлекеттик бюджеттен 353 288 000 сом акча сарпталган. Сүйүнчү акча ар бир төрөлгөн бала үчүн 4000 сом деп белгиленген. Акчаны үй-бүлөлүк шарты кандай экендигине карабай, бардык жарандар алышат.

Эскерте кетсек, “балага сүйүнчү” акча  2018-жылдын 1-январынан тартып бериле баштаган.  

Ал эми акыркы мезгилде Кыргызстанда эки же үч эмдердин төрөлүшү жылдагыдан көбөйүп баратканы белгилүү.

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер