Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Байдын кызы, Кененбаевдин келини, Отунбаеванын жээни, Максимдин жеңесинин шумдуктуу жүрүштөрү

Байдын кызы, Кененбаевдин келини, Отунбаеванын жээни, Максимдин жеңесинин шумдуктуу жүрүштөрү

12-ноябрь, 15:12
1 903 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбор калаанын жаңы вице-мэри Айжан Чыныбаеванын атасы Адамкалыйды кимдер тааныбайт? Кыргыз бажысы жаңы ачылганда эле эң майлуу-сүттүү орунга отурганын билебиз. Бир канча жыл бою Чүйгө келген товарлардын баары бул кишинин уруксаты менен катталчу беле? Айжандын бир тууган таежеси айтылуу Роза Отунбаеванын өзү. Кайнатасы – байыркы аким жана мурдагы президенттик администрациянын орун басары, чириген бай Болот Кененбаев. Сураксыз олигарх! Бир тууган кайын сиңдиси Айжан Кененбаева кадимки Максим Бакиевдин аялы. Ушундай өзү “шикарно упакованная” Айжан Чыныбаева башта Сапар Исаковдун негизги колдоочусу болуп, 2018-жылы жазында ага жагалданып жаштарды уюштуруп чуркап жүрсө, ошол эле жылы күзүндө Сокеге кошомат кылып, анын катарына өтүп, “селпилдешип” калганын кантип айтпай калалы? Шайлоодо Алтынбек Сулаймановго чап жабышып, “Бир Бол” партиясы менен аттанып, марага жетпей калып, эми Балбак Түлөбаевдин батасы менен вице-мэр болуп, бул да Фейсбуктан чыкпай, кечээ күнү балдардан “дети, вы хотите в школу?” деп эң оорчундуу маселелерди тамашага салып, каткырып, чалчактап, карапайым элди шылдыңдагансып жумушка киришти. Эмне дейбиз, элибиздин шору көп тура! Байдын кызы, манаптын келини болсоң эле баарын өзүңдөй ток көрбө! Карапайым калк тишинин кирин сорууда, сага кыжырданууда!


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер