Керек эле керек! Акылбек Жапаровдун “өкмөтүн өзөртө тепсең”...


-- Урматтуу коллегалар, эң биринчи «жепутат» деген аттан кутулуп, “депутат” деген атактуу, барктуу, сыйлуу, сыймыктуу наамга татыктуу болушубуз керек!
-- Акылбек Жапаров баштаган “өкмөттүн өпкөсүн өзөртө тээп”, мэр, губернатор, акимдерин сындаганды, сындырганды токтотпой, токмокко ала бериш керек!
-- Кумтөрдун алтыны кимдин чөнтөгүнө кумдай куюлганын тезинен таап, кармап, камап, соттош керек!
-- Эми Жерүйдүн алтынына көзүбүздү кызартып, сугубузду артып, супсуунду суутпай, бир бучкагынан бир нече миллионду сугунуп алууга ашыгыш керек!
-- Бул боюнча чарбалык, укуктук, парламенттик болобу, комиссия артынан комиссия түзө беришибиз керек!
-- Коррупцияга каршы чабуул жүрүп жатат. Эмне үчүн парламентте баш катырып, ажылдап отурабыз? Карапайым калктын канын соруп, жонтерисин сыйрып алып, арам акчага көөп жүргөн аткаминер чиновниктерден тазаланышыбыз керек!
-- Соттолуп аткан, жакында соттун отургучуна бара турган коллегаларыбызды канатыбызга калкалап, күнөөсү далилденип турса да бир тал чачын түшүрбөй коргоп калышыбыз керек!
-- Эң туура айтасыңар, ал алаамат эртең биздин башыбызга айланып келиши мүмкүн. Ошондуктан эмитен коргонуу аракетин көрүш керек!
-- Партиялык тизме менен келип, оозун ачып отурган, бизнесин калкалап калчылдап жүргөн кесиптештерибизден кутулушубуз керек!
-- Парламенттин кулуарында кыска юбка кийип, кылтыңдай баскан кымча бел, оймок ооз кыз-келиндерди караганды токтотушубуз керек!
-- Массалык маалымат каражаттарына обу жок сөйкөнө бербей, тийишпей, тим коюш керек!
-- Улам эле өкмөттү отставкага кетирип, ага жөн эле асыла бербей, өзүбүз ушул жылуу жумшак миллиондорду налево-направо чачкан жерибизден немедленно кетишибиз керек!
-- Жо-ок, ушунча эмгек өтөп, беш жыл бою ойноп-чардаган жерден өмүрү кетпешибиз керек!
-- Кыскасы, урматтуу коллегалар, жок дегенде кекиртегибиз үзүлгөнчө кыйкыра беришибиз керек! Баарын жасаш керек! Кайрадан шайлоого барып, депутат болуш керек! Баарын кыйратыш керек! “Керек эле, керек!” деп кыйкыра беришибиз керек!..
"Азия Ньюс" гезити











