Кыргызстандын паспорту дүйнөдө “начар” топко кирди


Дүйнө жүзүндөгү жарандыктардын Kälin and Kochenov"s Quality of Nationality Index (QNI) рейтингинин жаңыланган версиясы жарыяланды.
Жарандардын паспорту боюнча рейтингде Кыргызстан 102-орунга чыкты. Баанын жогорулаганына карабай, Кыргызстан QNI атуулдугу "начар" деген топтун ичинде калган.
Рейтингди калыптандырууда мамлекеттин экономикасынын масштабы, адамдык потенциалынын деңгээли, коомдук тартип жана туруктуулук, виза мамилелери, андан сырткары, иштеп жана жашоо үчүн башка өлкөгө көчүп баруу мүмкүнчүлүктөрү эске алынган.
Рейтингде алдыңкы орунга Франция чыккан (жарандыктын сапаты 83, 5 пайыз). Экинчи орунду 82,8 пайыз менен Германия ээлеген. Үчүнчү орун Дания (81,7 пайыз) чыкты. Төртүнчү орунду Швеция менен Норвегия 81,5 пайызы менен ээлеген. Алдынкы бештикти Исландия (81,4 пайыз) жыйынтыктаган. Ал эми ондукка Финляндия, Италия, США, Ирландия жана Испания мамлекети кирген.
Казакстандын көрсөткүчтөрү жакшы, алар 35,7 пайызы менен 84-позицияда турат.
Сапаты боюнча Казакстандан кийин Кыргызстан турары айтылган. Ал эми Өзбекстан (109-орун) аныкталган. Тажикстан 114-орунда.
Aryba.kg