АКШнын чыгарылган авиабазасы үчүн “Азаттык” өч алуунун куралына айландыбы?
Атамбаев Кыргызстандан АКШнын авиабазасын чыгаргандан кийин эки өлкөнүн ортосундагы мамиле сууп калган. Эртели-кеч эсептешүү үчүн күн келмек. Алар ачык ыдык көрсөтүүгө барбайт болчу. Саясый технологдордун эсеби менен өлкөбүздүн ичине бүлүк салууга, мындайча айтканда, маалыматтык согуш аркылуу коомчулукту чыңалтууга кызыкдар беле?
Анүчүн убакыт талап кылынат да. Мамлекеттик саясаттын кайсы жагы аксап атканын талдашат. Түндүк-түштүк чыңалуусун, мурдагы бийликтеги аткаминерлердин камалышы, андан кийин Атамбаевдин Кой-Таштагы окуясы, ж.б. Бул көрүнүштөрдүн баары саясый пикир келишпестиктерди жаратып, коомчулукту кандайдыр бир тымызын чыңалууга түртүп бараткан. Анан дагы отко май чачуу маанилүү го? Оппозициялык жээктеги тарапташтарды пайдалануу, аларга каршы, бийликти колдогон таасирдүү фигураларга карата компромат топтоо аракеттери... Мунун баары ойлонулган сценарий экенине окшошуп атабы?
Алгач “Азаттыктын” май айындагы “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсү Райым Матраимовду каралоого арналып, коомдун кыжырдануусун жаратууга багышталган. Тилекке каршы, ал иликтөө кооз сөздөр менен канчалык шөкөттөлбөсүн, жыйынтыгында, окшошпой калып, максатка жеткен эмес. Себеби, жасалма кол коюлган кагаздар, күмөндүү банктык эсептер, схемалардын апыртмалыгы, цифралардын дал келбегени, айтор, дээрлик чагымчылдыкка басым койгону байкалган. Ошентип, жаз айындагы “Азаттыктын” аракеттери суу кечпей калып, кайрадан күздү күтүшүп, талаачылык жумуштар бүткөндөн кийин экинчи иликтөөсүн алып чыгышты. “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деп аталат. Ооба, бир көргөн адамга образдуу сезилет. Айеркен Саймаитинин атып кетүүгө чейинки интервьюсу, Хабибула Абдукадырдын ишкерлик таржымалы, кызыктырган сюжеттер, жүзүн жапкан адамдарды сүйлөтүү, талаштуу электрондук документтер, ж.б. Дал ушунун баары оор кылмышка шектелген Айеркен Саймаитинин айтымы боюнча иликтенген материалдар катары сыпатталып атпайбы. 2011-2016-жылдардагы ишмердиги боюнча. Ага кылмыш иши козголуп, издөөдө жүрсө, мындай адамдан коррупцияны ачуу боюнча маалыматтар чыкмакпы? Түз айтканда, Сайматинин жардамы аркылуу “Азаттык” апыртып, будамайлоого батып, каралоо менен гана чектелгени жалганбы? Терең анализдеген адам мынчалык “көз боемолоого” ишенбейт. Бул жерден Райым Матраимовду мисалга алуу, ага баардык кара боекторду сүртүү менен гана чектелишиптир...
Аныгында, коомчулукта, соцтармактарда эки жаатка бөлүнүүнү байкадык. Мына ушул саясат керек болчу. Популизм демаршы аркылуу даарыган активисттер 25-ноябрда митингге да чыгышмай болду. Бейөкмөт уюмдары артынан коштойт. “Кыргызга душман кыргыз” дегендей, кайсы бир деңгээлдеги каршылашууга бараткан кырдаалды туюп атасыңарбы?
Кыскасы, АКШдан каржыланган “Азаттыкка” кыргыз элинин бүтүндүгү керекпи, же өлкөдөн чыгарылган авиабаза маанилүү беле?..
Aryba.kg