Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Журналист, музыкант, акындарга кол көтөрбөш керек”

-- Исхак Абсаматович, Ошто журналисттин сабалышы боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?
-- Менин байкоом боюнча, ал киши мас окшойт. Бирок, кандай болгон күндө да, ал журналист болобу, же башка кишиби, кол көтөргөн туура эмес. Аргументи, негиздемеси жетпей калганда адам ушуга барат. Бул өтө өкүнүчтүү. Илгертен эле журналисттерге, музыканттарга, акындарга эч ким кол көтөргөн эмес. Алар чындыкты алып келишет, чындыкты жайылтканга аракет кылышат. Ошондуктан, мен өтө терс кабыл алдым. Кандайдыр бир чара колдонуу керек. Журналист деле “тартсак болобу?” деп формалдуу сурап койсо артыкбаштык кылбайт эле, эгер жеке менчик ишкана болсо. Ал эми мамлекеттик ишкана болсо, эч ким тоскоолдук кылууга акысы жок. Ошондуктан, чара колдонуу керек.
-- Ошондо тиги кишинин кыймыл аракети кандай беренеге туура келет?
-- Хулигандык. Менимче, журналист катуу жаракат алган жок окшойт, ошондуктан, майда бейбаштыкка жатат. Ага айып салуу менен чара колдонсо болот.