» Саясат » Министрлик креслону аңдыган Октябрь Урмамбетовдун амбициясы ашындыбы?
Министрлик креслону аңдыган Октябрь Урмамбетовдун амбициясы ашындыбы?
08-июль, 09:40
417 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов буга чейин министр болорун тар чөйрөдө айтып, анысы Улан Ниязбековго жетип, ортодон ыңгайсыздык жараткан. Бул боюнча өз ара “сүйлөшүүлөр” жүрүп, Урмамбетов “шилекей чачыратканына” өкүнүп, тынчып калган эле. Бирок жакында жердеш “крышасы” кайра маселе көтөрүп, өз баланы министр кылуу таризинде жыландын башын кылтыйтканы эмнеси? Биз реформатор Улан Ниязбековго коңгуроо кагып коюуну туура көрдүк. Себеби, “котур ташы койнундагы” орун басары креслосун аңдый берсе, ырааттуу иш жүрмөк беле? Кимдин ким экенин алдын ала билип, бир жаңсыл кылып салбаса, күзүндө чын эле көргүлүктү көрсөтпөйбү? Албетте, бул олуттуу суроо. Негизи Октябрь Урмамбетов ИИМдин орун басары катары деле өз милдетин тийешелүү деңгээлде аткара албай, билими, тажрыйбасы жетпей атканы нааразычылык жаратып келет. Тилекке каршы, ушундай ортозаар кадрлардын амбициясы ашынып, алдыга жүткүнө беришкени тажатууда...