Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте бензиндин баасы 50 сомдон ашты

Бишкекте бензиндин баасы 50 сомдон ашты

21-апрель, 11:48
700 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 50 сомдон ашты. Бул тууралуу күйүүчү май сатуу менен алектенген компаниялардын сайтынан көрүүгө болот.

Бүгүн эртең мененки маалыматка караганда, “Газпром” компаниясы АИ-95 үлгүсүндөгү бензинди 50,50 сомдон, АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди 48,50 сомдон сата баштады. Ал эми “Роснефть” АИ-95 үлгүсүндөгү бензинге 50,30 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майга 48,30 сом деген баа койду.

Буга чейин бир нече күн АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 49,50 сом, кийин 49,90 сом болуп кармалып турган.

Адистер күйүүчү майдын баасына дүйнөлүк рыноктогу абал таасир этип жатканын айтып келет. Мисалы, апта башында пандемия учурунда суроо-талаптын азайышынан улам кампаларда топтолуп калган мунай запасы дээрлик түгөнгөнү кабарланган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер