Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Төрөбаев, ЖК депутаты: “Ошто “Ниссан” компаниясы менен бирдикте автоунаалар чыгарыла баштайт”

Бакыт Төрөбаев, ЖК депутаты: “Ошто “Ниссан” компаниясы менен бирдикте автоунаалар чыгарыла баштайт”

23-январь, 16:39
2 255 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бакыт Эргешович, Ошто курулуп жаткан автомобиль чыгаруучу завод тууралуу айтканыңызды угуп калдык. Ал эмне ишкана?

-- Оштогу ал заводдун биринчи этабы курулду. Өтө кымбат баалуу жабдуулар келип жатат. Ал ишкананын эң башкы багыты – бир гана автоунааларды эмес, станокторду жасоочу завод курулууда. Бул Борбор Азияда биринчи жолу ишке ашырылып жаткан мамлекеттик долбоор катары айтсак болот. Мисалы, сиз чөп таңгактагыч чыгарчу завод курганы жатасыз. Ал үчүн станок керек да. Ошол станокторду чыгарып берет. Дагы бирөө велосипед чыгарганы келсе, аларга велосипед чыгарчу станок даярдап берет. Ошондуктан, бул мамлекеттик долбоор болгондон кийин аларга бүгүндөн тарта жеңилдиктер берилүүгө тийиш. Салык, жер жагынан. Жол жок болсо жолду, линиясыз болсо линияны куруп, суу жок болсо сууну алпарып бериш керек. Эгер биз муну колго алып, жакшы ишке киргизип алсак, жалпы ЕАЭБге экспорттолчу станокторду чыгарсак болот. 

Азыр биринчи этапта “Ниссан” компаниясы менен бирдикте автоунааларды, электромобилдерди, электр эсептегичтерди, трубогенераторлорду чыгарат. Кичи ГЭСтерди курууга кызыккан ишкерлер трубогенерторлорду ошол жерден алса болот. 

-- Конкреттүү автоунааларды чыгарууну алсак, аны сатуу жагы кандай болот? Себеби, өзүбүздүн рынок чектелүү да?

-- Негизи ал жерде электромобилдерди чыгарууга басым жасалат. Себеби, бизде электр энергиясы арзан. Ооба, Кыргызстандын рыногу чектелүү. Бирок, биз мамлекет тарабынан жакшылап колдоого алсак, өзүнө турган наркы арзан болсо Казакстанга, Россияга, Беларуска, Арменияга сатсак болот. Бул жерде иш-аракет болуш керек да. Дүйнөлүк тажрыйбаны карап көрсөңүз, өнүккөн өлкөлөр экономикасын тез арада көтөрүш үчүн автомобиль курууга басым жасашкан. Мисалы, Япония, Түштүк Корея, Германия. Себеби, бул тармакта мультипликациялык эффект бар. Анын тегерегинде көп башка бизнестер ачылат. Туура, бул жерде бир проблема бар. Завод ачылгандан кийин адистер жетишпей, компания жаңы келген заманбап жабдуулар менен иштей алсын үчүн 40 адисти Европада окутуп жатат. Ошондуктан, бүгүнкү күндө биздин ЖОЖдор кайсы адистер керек экенин аныктап, ошого карап окутуш керек. Биздин көп окуу жайлар азыр керек эмес адистиктерге окутуп жатышат. 

-- Бул ишкананын Ошто курулганы түштүк аймагында жумуш орундары түзүлүп, жалпы региондун экономикасынын өнүгүүсүнө да шарт түзсө керек?

-- Туура, жумуш орундары түзүлгөндөн кийин салыктар, соцфонд төлөнөт, инфраструктура өнүгөт, элдин жашоо турмушу оңолуп, миграцияга кеткендер азаят. Биздин акчаларыбыз Кыргызстандын өзүндө калат. 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер