Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Кенжебаев: «Украинадагы согуштун тагдыры АКШдагы 2024-жылы өтчү шайлоодон көз каранды»

Азамат Кенжебаев: «Украинадагы согуштун тагдыры АКШдагы 2024-жылы өтчү шайлоодон көз каранды»

07-август, 21:10
425 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

– Путиндин бүгүнкү абалы тууралуу кандай ойдосуз?

– Путиндин абалы жакшы эле. Себеби, акыркы сурамжылоолор көрсөткөндөй, Россиянын элинин 80%дан ашыгы анын жүргүзүп жаткан саясатын колдоорун көргөзүүдө. Салыштырып карасак, АКШнын президенти Байденди 30%дын тегерегинде эли колдойт. Россиянын экономикасы киргизилген масштабдуу санкцияларга карабастан туруктуулугун сактап турат, социалдык тармакта чыңалуу жок, демек, жаңы шарттарга ыңгайлаша алды.

– Украина-Россия тиреши ушул темпте улана береби? Кандай жол издешет?

– Россия-Украина согушу ушул темпте улана берет, себеби, Украина өз саясатын жүргүзүүдө. Өз алдынчалыгын жоготкон мамлекет, аны АКШ жана Улуу Британия баш болгон Батыш өлкөлөрү башкарып турушат. Алар Украинаны курал-жарак менен эле камсыз кылбастан, бюджетин да толтурууга аргасыз, болбосо, ал мамлекет бир жуманын ичинде урап түшөт. Бул согуштун токтошу АКШдан көз каранды, алар качан токтосо, ошондо согуш аяктайт. Менимче, Украинадагы согуштун тагдыры АКШдагы 2024-жылы өтчү шайлоодон көз каранды. Ошондо кимдин президент болуп келиши чоң таасирин тийгизет. Ага чейин ушул темп улана берет деген ойдомун.


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер