Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Обсервацияда жаткандардын 70%ы мөөнөтүнөн мурда үй карантинге чыгарылды

Обсервацияда жаткандардын 70%ы мөөнөтүнөн мурда үй карантинге чыгарылды

25-март, 11:19
851 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Обсервациянын мөөнөтү 14 күн болчу. Ал жайга COVID-19 инфекциясы көп жайылган өлкөлөрдөн келген жарандар жаткырылат. Учурда обсервацияга жаткырылган жарандардын жарымынан көбү мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды. Бул туурасында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, 14 күндүк карантинге 2014 адам жаткырылган. Карантинди үй шартында өткөрүүгө жиберилгенден кийин обсервацияда 585 адам калды.

“Обсервациядагылардын лабораториялык анализинде вирус жукканы тастыкталбагандыктан үйүнө жиберилди. Аларга кайрылып кетерим, сөзсүз түрдө үйдөгү карантиндин эрежелерин жана өздүк гигиенаны сактаңыздар. Үйгө конок чакырбаңыздар. Медиктер сунуштаган эрежелерди кынтыксыз аткарыңыздар. Эгер жөтөлүп, дене табыңыз көтөрүлүп, өзүңүздү начар сезсеңиз, 118 жана 112 телефонуна чалып, же үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна дароо кабарлашыңар керек” деди Акматова.

Обсервациянын мөөнөтү 14 күн болчу. Ал жайга COVID-19 инфекциясы көп жайылган өлкөлөрдөн келген жарандар жаткырылат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер