Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Спикер Жумабековго оратордук курс да жардам бербептир, дайыма төрдү булгайт...

Спикер Жумабековго оратордук курс да жардам бербептир, дайыма төрдү булгайт...

28-ноябрь, 17:26
1 241 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңешти “чимкириктин” деңгээлине түшүргөн спикер Дастан Жумабеков экени баарына маалым болгон. Буга чейин өкмөткө жазган бир барак кагазынан “кызыл жаян” ката кетирсе, “моюнча” деген ойлоп таап алган диалекти менен былжыраса, эне тилин так билбегени аз келгенсип, орус тилинен да чулдураса, эл аралык коомчулукка күлкү болсо, башкасын айтып не кылабыз? 

Сабатсыз спикерди атайын “төргө байлап”, бөжөңдөтүп кызмат кылдыруу кимге опо? Билимдүү, тажрыйбалуу деле кошоматчылар парламентте бар эмеспи, ошолордон деле көтөрүп койсо болбойт беле? Же акылы тайкы жагымпоздор аңды-дөңдү карабай өзгөчө “жаланып-жуктанышабы”? Сыягы, соболдор арбын. 

А бүгүн болсо, Жумабеков парламенттен “кулакка тээп”, “лапшаны илип” деп өкмөттүн кичинекей чиновниктерине кыр көрсөтүп, урушумуш этти. “Деңгээлиң менен жерге кир!” деген жан жок. Жогорку Кеңештин төрүндө отуруп, көчө шпаналарынын лексиконунда тантып, көпчүлүктүн кыжырын кайнатты. Биздин маалыматтар боюнча, Жумабеков көп убакыттан бери оратордук курска барып жүргөнү, бирок тайыз адамга билим деле жукпаганы ушулбу? 2010-жылдан тарта депутат болуп, эрмешип келатса да оңоло албаганы, уятты да билбегени кандайКурч соболдор дагы көп. Тилекке каршы, “сиңбеген жерге куя бергенди” элестетип атасыңарбы?

Кайран эл! Сабатсыздардан арылмайынча, “ууру-кескини” жектеп салмайынча жашооңор оңолбойт го?..

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер