Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Туйгунаалы Абдраимовдун бийик аброю Мамбет Мамакеевдин 95 жылдык тоюнда байкалды

Туйгунаалы Абдраимовдун бийик аброю Мамбет Мамакеевдин 95 жылдык тоюнда байкалды

06-октябрь, 21:07
944 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн ишембиде Мамбет Мамакеев 95 жылдыгын белгилеп, интеллигенция каймактарын, саясатчыларды, чиновниктерди, кесиптештерин ж.б. бир топ катмардын өкүлдөрүн чакырды. Тойдун көркүн Роза Рымбаева баштаган артисттер, өнөрпоздор коштошуп, кыйла шаң-салтанатка бөлөштү. Тунгуч президент Аскар Акаев видео байланыш аркылуу куттуктап, көпчүлүктү бир сыйра таңгалдырып койду. 

Айтмакчы, мааракенин өзгөчө сүртүмүнөн мисал келтирсек. Саясатчы Туйгунаалы Абдраимов төрдө бакыйып отурганы, ага карата коноктор сый-урматтын негизинде мамиле кылышып, кезекке туруу менен учурашып атышканы, антрактта басса деле аттуу-баштуулар тегеректешип, учкул, куйкум кептер айтылганын баамдадык. Кызык. Бийликчил, туруксуз депутаттардын көздөрү алачакмакташып, ал арада четке сүрүлүп калышканын карачы? Башынан эле Туйгун байкенин топ жарган табигий таланты бар эмеспи. Бул саам аброюнун бийик экенине ынандык. Күбүр-шыбыр кеп арасында “Абдраимовду алдыбызга чыгарып, лидер кылып албайлыбы?” деген сөздөр да коштолуп атты. Алтымыштан ашканда, акыл-парасаты толкуп-ташып турганда, өзү эле көч баштайбы? Баам сала туралы. 

Баса, 7-октябрда Туйгунаалы Абдраимов 64 жашка чыгат. Туулган күнүңүз кут болсун! Сексенге чейин саясаттан кетпей, жаштарга акыл-насаатыңызды айтып, мамлекеттин туруктуулугу, өнүгүшү үчүн салым кошууга жарап бериңиз. Өтүп бараткан жыл каарманыбыз үчүн сыноо катары кабылданды. Кышында буту сынып, жазда саясый негизде камалып, натыйжада, баардык оош-кыйыштар артта калды. Мындан ары ар дайым жакшылыктын үстүндө, көчтүн астында болуңуз! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер