Курманкул Зулушев мандатка жетпей жатып спикерликти көздөдүбү?


№10 шайлоо округунан парламент депутаттыгына аттанган Курманкул Зулушев ишенимдүү түр көрсөткөнүн баамдап атабыз. Башкы прокурор кезинде кыйла бутуна турган окшойт, учурда каржылык жагынан эч кандай көйгөйү байкалбайт. Атаандаштарынын ичинен эң “кыртыштуусу”, байы экени жалганбы? Анан калса, эмитен эле Курманкул Зулушевди Жогорку Кеңештин төргасы болорун жакындары айтышып, демдүү жүрүш жасашууда. Мандатка жетпей жатып амбициясы ойгонгону ушулбу? “Кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” демекчи, алдыда кандай гана саясый өзгөрүүлөр орун аларын азырынча болжоп айтуу кыйын. №10 округдагы Курманкул мырзанын атаандаштары да оңой инсандар эмес: Улугбек Ормонов, Аалы Карашев, Сүйүнбек Өмүрзаков, Жыргалбек Саматов, Болотбек Дыйканбаев ж.б. капчыктуу, эл колдогон талапкерлер жетиштүү. Биринчи алардын баарын утуп чыгуу керек да, туурабы? Шайлоо адилеттүү өтсө, чыныгы карапайым элдин добушун алгандар гана суурулуп чыгышары калетсиз.
"Азия Ньюс" гезити











