Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолборс Жоробеков ЖОЖдорду жамандабай эле Акылбек Жапаровго кошомат кыла бербейби?

Жолборс Жоробеков ЖОЖдорду жамандабай эле Акылбек Жапаровго кошомат кыла бербейби?

17-декабрь, 12:00
333 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Карыганда акыл-эсти сактаганыбыз дурус эмеспи. Жолборс Жоробековдун “ЖОЖдор студенттерге билим тарбия бере албай жатат... Анүстүнө билим берүү министрлиги ЖОЖдордо окутуунун сапатын көтөрүү менен иштиктүү алектенбесе, жакында кат тааныбаган “жогорку билимдүүлөр” чыгышы ажеп эмес” деп жазганын окуп алып таңгалдым. Бул эми суу ичкен кудугуна түкүргөндөй эле да. Анткени Ж.Жоробеков узак жылдар ПИРЯЛда, андан кийин улуттук университетте иштеп, нан таап жеп, үй-бүлөсүн багып жүргөндө ЖОЖдор жакшы эле, анда жерге-сууга тийгизбей мактачу эле, эми жамандап жатканы эмнеси? Курманбек Бакиевдин режими тушунда БГУда “Кедейкан” сыңарындай убактылуу ректор да боло калып, шайлоодон өтө албай кулаганы ичин ачыштырса, мындайга ЖОЖдордун баары күнөөлүү эмес да. Улуттук илимдер академиясына барып алып бой көтөрүп, ЖОЖдорду жаманатты кылып, бир бечара көрсөткөнгө умтулуп жатканы кандай? Өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кошомат кылса, ЖОЖдорго көлөкө түшүрүп, көө жаппай, өз жолу менен эле жагалдана бербейби?..


Толкунбек Сыяев, техника илимдеринин кандидаты

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер