Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Биримдик” №1. “Жаштардын үнүн бүт өлкө угушу керек!”

“Биримдик” №1. “Жаштардын үнүн бүт өлкө угушу керек!”

01-октябрь, 18:42
470 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте "Жаштардын үнү" аталган “Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясынын жаш өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Өлкөнүн баардык аймактарынан борборго активисттер келип, жашоонун ар кандай тармактарын өнүктүрүү боюнча ой-пикирлери менен бөлүштү.  

“Жаштар - бул коомдун негизги кыймылдаткыч күчү, алар радикалдуу өзгөртүүлөргө жөндөмдүү. Билимдүү, дымактуу, максатка умтулган жаштар - өлкөнүн жаркын келечеги. Сиздер менен республиканын баардык аймактарындагы жаш жана чыгармачыл адамдар менен жолугушканыма кубанычтамын”, - деди “Биримдик” партиясынын депутаттыкка талапкери Марат Нуралиев.      

Ошондой эле ал, «Биримдик» партиясы жаштарды колдогонун маанилүү деп эсептээрин баса белгилеп, “партиянын милдеттеринин бири - жаштарды келечекте жигердүү, көз карандысыз коомдук ролун аткарууга түрткү берүү жана алардын учурдагы чыныгы иштерге катышуусун камсыз кылуу”, - деди.     

Марат Нуралиев ошондой эле жаштар алдыдагы шайлоого активдүү катышат деген ишенимин билдирди.       

"Биримдик" партиясынын жаштар канатынын өкүлү Рустам Байголопов акыркы он жылдыкта эл аралык инвесторлор үчүн экономикалык өнүгүүнүн жогорку темптерин жана жагымдуулугун гана эмес, ошондой эле жарандарды социалдык жактан коргоонун жогорку деңгээлин камсыз кылган Сингапурдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн ийгиликтүү тажрыйбасы жөнүндө айтып берди.     

Ал белгилегендей, өлкөнүн натыйжалуу өнүгүшү үчүн ишкердикти жана инвесторлорду коргоочу конкреттүү механизмдер, иштеп жаткан мыйзамдар керек. 

Ош облусунан келген жаштар канатынын өкүлү Асыл Кайыпбек кызы катышуучулардын көңүлүн маданиятты өнүктүрүүгө бурду. Ал улуттук өзгөчөлүктү сактоо өтө маанилүү экендигин белгиледи. Ошондой эле ал эне тилин, үрп-адаттарын, каада-салтын өнүктүрүп, кийинки муундарга өткөрүп берүү керектигин баса белгиледи.    

Ал эми “Биримдик” партиясынын талапкери Галина Кетова да жаштарга кайрылуу жасады. Ал жаш активисттерге дилгирликти жана жаңы форматтарды издөөнү каалады. Кетова жаштарга өз күчүн чыгармачыл багытка бурууну өтүндү. "Кыргызстандын жаштары коомдун ийгиликтүү, прогрессивдүү бөлүгү болуп калды, алар өлкөнүн туруктуулугуна жана жаңылануусуна салым кошууга жөндөмдүү”, - деди ал.     

Мындан тышкары жолугушууда туризм тармагын өнүктүрүү, регионалдык инфраструктура, тышкы жана ички миграция, билим берүү жана медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу маселелери көтөрүлдү. Активисттер биримдикте жаркын келечек курабыз деген тилектештигин билдиришти.   


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер