Пакистан, Бангладештен келген миграттардын жыныстык оорулары жокпу?

-- Пакистандан, Бангладештен жана башка өлкөлөрдөн келишкен мигранттардын көбөйүшү Кыргызстанга пайда алып келеби? Улутубуздун келечегине кандай таасир этет?..
Дүйшөн Батырбеков, коомдук ишмер:
-- Акыркы үч жылда ордо калаабыз Бишкекте, Кантта, Кара-Балтада, ордолуу Ош шаарында Пакистан, Бангладештен келген мигранттар өтө эле көбөйүп кетти. Аларды көзөмөлсүз киргизип, көбөйтүү жакшы эмес. Мүмкүн арзан жумушчу орун менен кээ бир ишкерлер камсыздалып аткандыр, бирок булардын айынан квартиралар кымбаттап кетти. Биздин элдин чөнтөгүнө оорчулук келүүдө. Бул жагынан алып караганда, өзүбүдүн улуттун кызыкчылыгын, элдин жашоо-тиричилигин оңдоого, мамлекетке зыян келтирбей турган экономикалык саясатты көрбөй турам. Өзүбүздүн элибизге жумуш жетпей жатканда булардын канчалык зарылчылыгы бар эле?
Дагы бир жагдай, алар биздеги жумушсуз жүргөн жеңил-желпи кыздарыбыз менен арзан мейманканаларда жыныстык катнашка барышууда. Бу жагы көзөмөлдөнүп, ар бир “каратору” мигрант санитардык жактан тазабы? Жыныстык оорусу жокпу, чет өлкөдө жүрсө болобу? Ушул сыяктуу тийешелүү документтери текшерилгенби? Чынын айтканда, буларды караган жан жок.
Рита Карасартова, укук коргоочу:
-- Миграциянын жакшы жана жаман жактары бар. Жакшы жагын айта турган болсок, сапаттуу миграция жагдайына токтололу. Кыргызстанга ошол эле Бангладеш, Пакистан мамлекетинен жыл сайын кайсы бир санда жогорку окуу жайларга студенттер келишет. Бир жылдык эле курсуна 5000 доллардан кем эмес акча төлөп окушат. Аны менен бирге кийинишет, ичинишет, квартирага, коммуналдык төлөмдөргө акча сарпташат, такси менен жүрүшөт. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстанга көп суммадагы акчаны калтырышууда.
Эми сапатсыз дегенине токтололу. Ал жанагы мигранттардын мыйзамсыз жол менен Кыргызстанга келип, өтө көп санда көбөйүп кеткени. Эң таңгалычтуусу, мамлекеттик имараттарды салып аткандары. Мындай ой кетет, аз акчага салынып аткан имарат канчалык сапаттуу? Ошол эле Ынтымак Ордону салышты. Мындан тышкары, жогоруда айтылган мигранттар өз жеринде жумуш таппай, бизге келип такси айдап, жеткирип берүү кызматтарына белсенип башташты. Бул бир жагынан коркунуч жаратууда.
Урматбек Акунов, жарандык активист:
-- Бангладеш жана Пакистандан бизге мигрант болуп келип аткан жагдайды бир беткей “жакшы” же “жаман” деп айтуу оор. “Медалдын эки бети бар” дегендей кеп. Ошол эки өлкөдөн келген мигранттар – арзан жумушчулар. Көбүнчөсү тигүү цехтерде жана курулуштарда иштешүүдө. Биздикилер деле ошол эле тигүү цехте иштешет, бирок эки күндүн биринде ооруп калышат, эки күндүн биринде кудага кетет же жаманчылыкка, өлгөнгө барышат. Иш үзгүлтүккө учурайт. Ал эми мигранттарда ушундай нерселер таптакыр жок. Эми курулушту алалы. Мигранттар эмнени айтсаң ошону жасашат. Жалкоолук деген жок. Эртең мененки саат 8де келет, кечки саат 5-6га чейин роботтой иштейт. А биздикилер саат 9га жакын келет, жарым саат перекур, бир саатча иштейт, жарым саат дагы перекур. Түштөн кийин болбогон “жомокту токуп”, жумуштан кетет. Кыскасы, мына ушундай...