Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээрбек Мискенбаев, Апрель баатыры: “Сооронбай Жээнбековдун орду түрмөдө!”

Мээрбек Мискенбаев, Апрель баатыры: “Сооронбай Жээнбековдун орду түрмөдө!”

12-апрель, 13:03
2 373 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мээрбек мырза, 2010-жылдагы Апрель окуясына 11 жылдын жүзү болуптур. Негизи эле Апрель окуясы максаттарына жеттиби?

-- 7-апрель али да болсо максаттарына жете элек. Элдин жашоосу оңолуп, мамлекетибиз адилеттүү, акыйкаттуу болгондо гана жетет. 2010-жылы каргашалуу окуя болду. Ошол убакта 90го жакын кыргыздын жигиттери окко учту. Учурда бул сан 150гө жетти. Эртели-кеч ошондогу толкуп чыккан элдин асыл ой максаттарын ишке ашырабыз (!) деген үмүттөрүбүз бар. 

-- Ал күн азыр да эсиңден чыга элек болсо керек?

-- Бакиевдердин үй-бүлөлүк, кландык режими күчөп, буюртма өлтүрүүлөр көөбөйүп, мамлекетте жашаш абдан опурталдуу болуп, Кыргызстандын келечеги туңгуюкка кептелген. Элдердин чыдамы кетип, 7-апрель күнү эч бир саясый лидерсиз, жолбашчысы жок эле карапайым эл көчөгө чыгышкан. Ошолордун арасында мен да “Форумдан” баштап Акүйгө чейин барганбыз. Бизде атып салат деген ой такыр болгон эмес. Катуу жаракат алдым. Өз көзүм менен ок жегендерди көрдүм. Айрымдары каза болду, көптөрү ооруканага жеткирилип, коридорлор канга чыланды. Ушу кезге чейин көз алдыман кетпейт. Бул Кыргызстандагы эң кайгылуу окуя болду, муну унутуп коюу мүмкүн эмес. 

-- “Эки достун” мамилеси жөнүндө кеп кылалы, кайсы “эки дос” экенин билесиң...

-- Сооронбай Жээнбековду эң ириде биздин Апрель баатырлары түзгөн “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси колдоп чыкканбыз. Кийин “эки дос” уруша кетип, Сооронбай Жээнбеков 7-апрелди жокко чыгаруу боюнча аракетин кылды. Өз учурунда мен да коомчулукка жар салуу менен “Соке инилери менен Бакиевдин режимин алып келип атат, үй-бүлөлүк, кландык режим орноду. Бакиевдин убагындай болду” деп какшап айтып атып атсам, аягында камап жаны тынышты.

-- Эмне деп камашты?

-- Эч кандай илинчек таппай, бир жылдай ары-бери сүйрөп, “тигини жеп койгонсуң, муну аймагансың” деп ар кайсы шылтоолорду айтып, майнап чыкпагандан кийин Кой-Таш окуясында жаракат алып, жабырлануучу эмес күнөөлүү катары бир жыл түрмөдө отуруп чыктым.

-- Кайсы статьяга такашты?

-- Бир эле эмес 7-8 статья коюшту. Адам өлтүрүүдөн баштап, барымтага алуу, бейбашчылык, бийликти басып алуу ж.б. Негизи мага эки эле статья коюлбаптыр. Бири – алдамчылык, экинчиси – кыз зордуктоо. Ошол эле Сооронбай Жээнбеков 7-апрелдин максаттарын ишке ашыргандын ордуна коомду бөлүп-жарып, элди экиге ажыратып салды. Өзүнүн КСДПсын жок кылды. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп, өзү экс-президент макамын алып, очойгон пенсияга марып, резиденцияда жашап жатканга моралдык укугу таптакыр жок! Анын орду түрмөдө! Бул менин эле эмес, элдин басымдуу бөлүгү ушундай ойдо. Эгер кыргыз элин ойлогон президент болсо, өз мөөнөтүнүн акырына чейин отурмак. Андай болбоду. Коррупциялашкан өлкөгө айлантып, өнүктүрмөк тургай артка тартып салбадыбы! 

Акыры 2020-жылдын 5-октябрында эл толкуп чыкты. Үмүт деген жаш бала өлдү. Бир нечеси жаракат алышты. Мунун баарына азыр болбосо да жакынкы күндөрү жооп берет. Ошол эле Сооронбай Жээнбековдун жан-жөөкөрлөрү, аткошчулары Алмамбет Салиев, Алмаз Кененбаевдер көп иштерге күнөөлүү. Иниси Асылбек Жээнбеков эч нерсе болбогонсуп Жогорку Кеңеште отурат. Мына ушундай жакындары коомду, партияны, элди экиге бөлүп салышты. Ушулар да жооп бериши керек!

-- Учурда эмне иш менен алексиң?

-- Үй камагына чыккам. Сот иштери жүрүп, туңгуюкка такалып калды. Анткени, Кой-Таш окуясынын эң негизги күнөөкөрлөрүнүн бири Сооронбай Жээнбеков жана анын иниси Асылбек Жээнбеков. Ошол кездеги ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаевдер азыр жок. Алар сотко келмейинче биздин соттук иштер жылбайт. Ойдо жок нерсени ойлоп табышып, бизди жөн эле абакка бир жылга отургузуп коюшкан да. 

-- “Түрмө” деп калдың, ал жак курорт эмес. Кандай шартта жаттың?

-- Туура айтасыз, түрмө курорт эмес. Союз маалындагы НКВДнын абалы. Ал жакка менин душманымдын жатышын каалабайм. Жыландын баласы да жатпасын. Өтө катаал режим. 

-- Атамбаевдин тарапташы катары айтсаң, ал киши чындап эле түрмөдө отурушу керекпи?

-- Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча түрмөдө отурат. Негизи “эки достун” чыры Алмазбек Шаршеновичтин ак көңүлдүгүнөн, ишенчээктигинен келип чыкты. Азыр ошонун азабын тартып атат. Сооронбай Жээнбеков “Атамбаевди камасам эле оңолуп кетем, Кыргызстанды оң жолго салам” деп ойлогон. Атамбаевди жакшы билем, анын көкжалдыгы бар. Эч кандай сына турган киши эмес. Бет маңдай отуруп сүйлөшө ала турган эч бир саясатчы чыкпайт жана духтары жетпейт. Менимче, жакынкы арада түрмөдөн чыгат. Саясый негизде гана кармалып турат. 

-- Өзү менен жолуктуңбу?

-- Сотко келгенде жолугуп калчубуз. Ошондо да күлүп-жайнап, эч бир мүңкүрөбөй, чөгүп калбай, тескерисинче, биздин духту көтөрүп, сотко келгендерге маанайы жакшы экенин көргөзчү. Ырларды жазып, деле түрмөдө отурган кишидей эмес. Президент кезинде кандай жүрсө, азыр деле бир калыпта. 

-- Кыргызстандагы саясый абалга кандай баа бересиң?

-- Кыргызстанда өтө оор мезгил болуп турат. Кымбатчылык баардык жерде нааразычылыктарды жаратууда. Жаңы шайланып келген бийликке убакыт беришибиз керек. Колубуздан келсе жардамыбызды аябай, четте карап турбай, куру доомат кылбай, болбогон сын пикирди токтото турган оң. Садыр Жапаровдун чын ниетинде иштей турганы көрүнүп турат, каалоосу күч. 

-- Жагымсыз нерселерден эмнени байкай алдың?

-- Атамбаевдин жанында жүрүп, аны аңга түртүп кеткендер, Атамбаев камалганда Сокеге өтө качып, аны да аңга тыгып кеткендер азыр Садыр Жапаровдун жанында жүрүшөт. Садыр Нургожоевич ошол адамдардан сак болуусун каалайт элем. Алар муну кесип катары мыкты өздөштүрүп алышкан. Бир күнү эле аңга түртүп ийүүдөн кайра тартышпайт, уялышпайт, анан мите курттай болуп четке чыга беришет. Душман эч качан алыстан келбейт. Алар коюн-колтук алышып жүргөндөрдөн,  Сооронбай Жээнбековдун адамдарынан чыгат. Мына ушундайдан Садыр мырза сак болсун (!) дейт элем.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер