Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрбек Бакиров: «Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгышы мүмкүн”

Өмүрбек Бакиров: «Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгышы мүмкүн”

23-сентябрь, 11:26
1 423 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров БШК мыйзамсыз шайлоо округдарынын чек араларын өзгөртүп жатканын жана анын себептерин айтып берди. 

-- “БШК шайлоо округдарынын чектерин мыйзамсыз өзгөрткөн, аларга басым болгон» деп жатасыз, ким басым кылышы мүмкүн? 

-- 28-августта президент Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө буйругу чыккан. Ага ылайык, БШК 7 күндүн ичинде бир мандаттуу аймактардын чек араларын бекитиши керек эле. Акыркы мөөнөт 5-сентябрь болчу. Бирок, БШК 15-сентябрда ошол токтомду өзгөртүп жиберген. Тактап айтканда, токтомдо «БШКнын сунушу менен кээ бир участкалардын чектерин өзгөртсө болот» деп жазылган. Токтомго мыйзамсыз өзгөртүү киргизилген. БШК мүчөлөрүнө кайсы бир чиновниктер тарабынан басым болбосо, 5-сентябрда чыккан токтомду эмнеге кайра 10 күндөн кийин өзгөртүп жатышат? Аларга кысым көрсөтүлүп, ошол аткаминерлердин кызыкчылыгындагы округдардын чектери өзгөртүлгөн.

-- Бул эмнеге алып келиши мүмкүн?

-- Талапкерлер же партиялар БШКны «мыйзамсыз чечим чыгарган» деп сотко кайрылса, кийин деле жалпы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы мүмкүн. Токтомду өзгөртүү – өтө чоң мыйзам бузуу болуп эсептелинет. Албетте, эгер сот адилеттүү караса. Токтомдо Ноокат, Араван жана Кара-Суу райондорунун шайлоо округдары өзгөрүп калган. Өзүңүздөр билгендей, бул үч райондо шайлоочулардын саны көп. Ошого карабастан Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондоруна экиден гана мандат берилет, калган райондор мандатсыз калууда. Бул жерде чиновниктердин кийлигишүүсү бардай. Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош шаарына бир гана мандат берилди. Ошондуктан опурталдуу маселе жаралууда. Анткен менен БШКнын ишине эч кимдин аралашууга укугу жок. Алар Жогорку Кеңешке келип, бул туурасында маалымат иретинде гана айтып бериши ыктымал. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер