Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улугбек Ормонов: “Өкмөт чече албаса, пенсияны төлөө боюнча маселе жаралат”

Улугбек Ормонов: “Өкмөт чече албаса, пенсияны төлөө боюнча маселе жаралат”

15-апрель, 19:30
581 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Улугбек Зулпукарович, пенсиялык реформа боюнча демилге коомчулукта аябай чоң талкууну жаратууда. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Менин оюмча, бул келечекке ойлонулган маселе. Себеби, бизде накопительная система толук ишке кире элек. Өкмөт алдыга карай кандайдыр бир кадамдарга барышы керек. Эгер жолун таап, чече албаса, бара-бара пенсияны төлөө боюнча маселе жаралат. Же пенсияга чыгуу курагын узартабы, же башка кадамдарды жасайбы?.. Бирок, кандай болгон күндө дагы коомдук талкууга коюп, эл менен акылдашып чечүү кажет. Жогорку Кеңештеги талкуудан кийин алар өздөрү да сөздөрүн оңдоп, “биз пенсиялык реформаны азыр эле жасайлы деген жокпуз, бул келечектеги пландар” дегендей айтып атышат. Келечек план болсо, анын үстүндө иштеш керек.

-- Эреже боюнча иштеген үч кишиге бир пенсионер туура келиши керек болсо, азыр бизде бир кишиге бирден туура келет экен. Демек, кандайдыр бир чараларды көрүш керек го?

-- Чындыгында эле иштеген бир кишиге бир пенсионер туура келгени туура эмес. Ошон үчүн өкмөт маселеге комплекстүү карашы керек. Бирок, аны чечүүнүн ар кандай кадамдары бар да. Жумуш орундарын көбөйтөбү, же башка чараларды көрөбү... 40-45 жашта адам күчкө толуп, иштей турган убак. Бул меселени да көңүлгө алышса. Алтымыш жаштан кийин каалагандар жеке менчик ишканаларда иштей беришсин, бирок мамлекеттик кызматтарда иштегендер балким, жаштарга орун бошоткону туура болор. Жаш курагың боюнча пенсия алып жатасыңбы, өзүңдүн жеке ишиң менен алектен, же болбосо пенсиядан баш тарт. Айтор, кандайдыр бир кадамдар керек. Бирок муну аябай тактап, коомчулукта нааразылык пайда болбогондой кылып чечүү зарыл.

-- Азырынча сиздерге эч кандай мыйзам долбоору келе элек да?

-- Жок. Азырынча демилге гана деп айтышты. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер