Акыркы кабарлар
» Коом » Келдибек Ниязов: “Азыркылар юморду түшүнбөй калганбы?..”
Келдибек Ниязов: “Азыркылар юморду түшүнбөй калганбы?..”
29-май, 20:55

Кеңсебизге кадимки эле КР эл артисти, куудул, өзүмдүн эле карачечекей байкем Келдибек Ниязов агам чалды. Өткөн саныбыздагы маекти айтып, “тиягы Казакстан, бу жагы Таластан тааныштар, ага-тууган, жээк-жааттар байланышып, “сиз эмне, 70ке чыкканда секс-символ болуп кеткенсизби?” дешүүдө... Мындай айтам, тигиндей да айтам... “А жерде сатира аралашкан юмор эле болчу” деген сайын күчөшөт. Азыркылар чындап эле юморду түшүнбөй калышканбы? Кыскасы, байкеңде уйку жок калды” дейт.
Келдибек байке, бизден кетсе, курубуз мойнубузда! А сиз юморуңузду, сатираңызды калтырбаңыз, ансыз да жашоонун кунары кеткенден кетип баратат...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити