Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Окумуштуулар: “Чач боёгучтар эмчек безинде шишикти пайда кылат”
Окумуштуулар: “Чач боёгучтар эмчек безинде шишикти пайда кылат”
24-январь, 12:23

Чачты боёгон зыян экени аныкталды. Мындай корутундуну сүт бези шишигине чалдыккан бейтаптардын оорусу тууралуу изилдеген дарыгерлер чыгарышкан.
Чачты жылына алтыдан көп боё сүт бези шишигине чалдыгуу кооптулуугун жогорулатат. Бул изилдөөнү Лондондун “Princess Grace Hospital” ооруканасынын дарыгери, профессор Кефан Мокбел айтты. Дарыгер изилдөөлөрүндө чачы боёлгон аялдарда бул диагноз 14 пайызга көп коюлганы аныкталды.
“Изилдөө учурунда чач боёгучтун таасири менен сүт бези шишигинин арасында статистикалык байланыш бар экени белгилүү болгон. Ошол себептен мен чачты жылына алты эсе аз боёп, ар дайым дарыгерлерге текшерилип турууга кеңеш берем,” - деген профессор Кефан Мокбел.