Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Султан Макилов ИИМдин басма сөз кызматын жабык жайга айлантып алганда

Султан Макилов ИИМдин басма сөз кызматын жабык жайга айлантып алганда

09-декабрь, 21:56
1 303 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маалымат айдыңында иштегендер жакшы билишет. Буга чейин ИИМдин басма сөз кызматына коомчулук тарабынан сын-пикирлер айтылып келди. Соңку эле парламенттик шайлоо өнөктүгүн алалы. Мындай ири саясый иш-чарада ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов өзүн көрсөтө алган жок. Мекемени жабык жайга айлантып алдыбы? ЖМКларга маалымат таратуу, журналисттер менен алака кылуу жагы аксап, алешемдик аңызы айкындалууда. Мындай “кашаңдык” бүтүндөй ИИМдин ишмердигин артка тартууга барабар. Султан Макиловду бул орунга Эркебек Аширходжаев алып келгени каңкууланууда. “Досуңду көрсөтчү, сенин ким экениңди айтып берейин...” дегендей эле икая го?.. 

Эске салсак, ИИМдин басма сөз кызматын Бакыт Сеитов жетектеп турганда, ал профессионалдык деңгээлде иштечү. ЖМКларга убагында маалымат таратып, ыкчамдыкты жана ачыктыкты көрсөтүп турчу эле. Журналисттер менен алака-катыш кылуунун чебери болчу. Кыскасы, Бакыт Сеитов ИИМдин жетишкендиктерин коомчулукка жаркырата жайылткан кези эсибизде. Ал эми азыр кабинеттерин жаап алышып, ийин казган суурлардай эле дүңүрөңдөп жатышабы?..

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер