Саламат Аламанов: “Доомат артуу менен чек ара маселеси чечилбейт”
-- Өзбекстан менен Кыргызстандын чек араларынын чечилишинде шашылуу болгон жокпу? Жер бөлүштүрүүдө кандай катачылыктар кетип калышы ыктымал?
-- Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралары 1924-жылдан бери талкууланып келген. Ар кайсы жылдарда ар кандай макулдашууларга жетишкен менен алар мыйзамдуу деңгээлде бекитилбестен азыркы учурга келдик. Ошол макулдашуулар деле негизинен бүгүнкү келишимдердей болгон. Чечилбеген чек ара эки элге, мамлекеттерге утуш алып келген эмес.
Жер бөлүштүрүүдө, алмашууда тилкелердин сапаты, аянты эске алынышы керек. Аны делегациялардагы адистер жакшы билишет. Бири-бирине алдатпайт. Алдап кеткенге аракет дагы болбосо керек.
-- Кемпир-Абад, Орто-Токой суу сактагычтарын чогуу колдоно турган болсок, кийин платина кимде калуусу шарт?
-- Бул маселе келишимдин негизинде жөндөлөт.
-- Чек араны тактоодо жергиликтүү элдин ой-пикирлери эске алынышы керекпи? Ал канчалык деңгээлде маанилүү?
-- Чек араны тактоочу делегациялардын курамында ар бир район жана облустун жер, чек ара боюнча жооптуу кызматкерлери, адистери иштешет. Алар өз учурунда элдин пикирин иликтешет. Бирок, жөн гана ойлорду эмес, маселеге тийешелүү так документтерге таянып, коңшу тарап ынангандай далилдүү сунуш бериши керек. “Доомат кылсак эле каалагандай чечтирип алабыз” деген жаңылыштык.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити