Дастан БЕКЕШОВ, ЖК депутаты: “Аялдарды камчы менен коркутпай, контрабандистерди колго чабалы!”
-- Дастан Далабаевич, камчы жаңсап тартылган видеоңуз социалдык тармактарда аябай чоң талкууга түштү. Интернет колдоочулар сиздин сөзүңүздү туура эмес түшүнүп калышты көрүнөт...
-- Мен айтпадымбы, аялдарды камчы менен коркутпай, керек болсо коррупционерлердин, контарбандисттердин колуна чабышыбыз керек. Феминале деген болгон да. Бирөөсү барып алып, камчы менен жүрөт. Жакпаса, албетте, айтыш керек. Бирок, камчы менен барганы өтө туура эмес. Ушундай эле камчы менен контрабандистке барсынчы коркпой. Аялдарды, албетте, коркутканга алы жетет, ал эми контрабандисттерди коркутканга алы жетпейт. Ошону мен камчы менен көрсөттүм да.
-- Ушул сөзүңүздөн улам сизди “сүрөт музейинде өткөн көргөзмөнү колдойт” деген тыянак чыгарсак болобу?
-- Менимче, бул искусство. Биз ага көп маани берип, талкуу кыла берсек, анда, албетте, туура эмес катары көрүнөт. Эч ким талкуулабаса, андай маселе чыкпайт эле. “Бул көргөзмө 18 жаштан өйдөлөр үчүн” деп алдын ала эскертүү берсе туура болмок.
-- Анда жок жерден эле чуу көтөрүп алдык дейсизби?
-- Ошондой эле болду. Дүйнөлүк ЖМКлар ар кандай макалаларды жазып жатышат. Биз бул жерден утулдук.
"Азия Ньюс" гезити