“Олд Бишкек”, “Мадина”... Мэр Айбек Жунушалиев ишкерлерге качан кам көрөт?


Буга чейин “Олд Бишкек” соода түйүндөрүнүн сатуучулары, арендаторлору мэрияга карата нааразычылык билдирип чыгышкан. Себеби, алардын ишине бөгөт коюлганы талкуу жараткан эле.
Ал эми аз күн мурда “Мадина” базарындагы соодагерлер арыз-армандарын айтып чыгышты. Ишкерлер көчүп аткан жаңы соода борборунда орундар кымбат жана шарты жок экенин айтышууда. Бул жакта мажбурлоо, укук бузулуу болуп атса, кандайча өнүгүүгө барабыз?
Бир айдын ичинде эле эки ирет соода борборлордо нааразычылыктар айтылып, бийликке карата сын-пикирлер жаралууда. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев алдын ала көңүл буруп, алар менен тил табышууга барса болмок да, туурабы? Салык төлөөчүлөргө карата мамлекет тарабынан кам көрүлүшү керек эле, тилекке каршы, Айбек Жунушалиев ар дайым артынан сөз ээрчитип, ыңгайсыздыктарды жаратып келет. Өнүгүү жолун табабызбы, же өгөйлөй беребизби? Мэрия качан иштейт? Таңгалычтуу...











