Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Коронавирус жок” деген Түркмөнстанда өлүм күч алды

“Коронавирус жок” деген Түркмөнстанда өлүм күч алды

23-июль, 13:45
258 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкө жетекчилиги Түркмөнстанда коронавирус жуктургандар бар экенин мойнуна албаганы менен буга чейин темир жол каттамы жабылган. Ошондой эле мечиттер жабылып, жашоочуларга беткап тагынуу сунушталган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ашхабаддын ооруканаларында күн сайын аз дегенде 50 адам каза болуп жатат. Ооруканалар бейтаптарга толуп, алардын баарына пневмония деген диагноз коюлууда. Кызматкерлер реанимациядан моргго сөөктөрдү ташып жетишпей калганын билдиришкен. Аны менен бирге өлүктөрдү салуучу мүшөктөр да тартыш болуп, анын айынан жансыз денелерди атайын хлор менен жуулган чүпүрөктөргө ороп көмүшүүдө. Мамлекеттин жетекчилери өз убагында керектүү каражаттар менен камсыз кылууну убада бергени менен жетишпей жатканы айтылды. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Аалы акын Дастан менен Зарылды “таластыктардын чимкириктери” деди
Чубак ажы Жалилов чын дүйнөгө кете берди...
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
(Видео) Алматы көчөлөрүндө адамдар кулай баштады. Себеби?..
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер