Акыркы кабарлар
» Саясат » Кан коё бербейт. Рахмон Борбор Азиянын чоң шайтанына айландыбы?
Кан коё бербейт. Рахмон Борбор Азиянын чоң шайтанына айландыбы?
06-май, 21:39
879 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Тынч жаткан элге бүлүк салып, чек ара шылтоосу менен баткендик боордошторубузду кыргынга салган Эмомали Рахмондун канкорлугу жууса кеткис кара так катары тарыхта калды. Борбор Азиянын чоң шайтанына, жийиркеничтүү тирүү жанга айландыбы? Бейкүнөө наристелер, ата-энелер, кырчындай жаштарыбыз шейит кетишти. Жүздөн ашык жарандарыбыз жаракат алышып, үйлөр, мамлекеттик имараттар талкаланды. Албетте, бул алаамат кечиримсиз! Кан коё бербейт. Эртеби-кечпи Рахмон жазасын алат! Манас атанын урпактары, түптүү кыргыз эли мындай басмырлоого, ит аткандай өлүмгө жообун берип келген. Убакыт келет. Жалпы тажик элине дооматыбыз жок, бирок коңшулардын бийлик мыкчыгери акыры жазасын алары шексиз.
"Азия Ньюс" гезити