Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирустан каза болгон аял кайра тирилди

Коронавирустан каза болгон аял кайра тирилди

05-январь, 18:13
1 595 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

АКШнын 82 жаштагы тургуну Барбара Гатри Лэй Рождество майрамынын алдында (25-декабрь) дарыгерлер тарабынан коронавирус жуктургандан кийин каза болду делип, бирок кайра тирилген. Бул тууралуу «Нью-Йорк Пост» басылмасы жазды.

Барбара коронавирус жуктургандан кийин дем алуусу начарлап, 20-декабрда ооруканага түшкөн. Эки күндөн кийин дарыгерлер аны каза болду деп, уулу Том Келлиге кайгылуу кабарды угузушкан. Андан соң Барбаранын жолдошу окуя тууралуу туугандарына айткан. Бирок, бир нече мүнөт өткөндөн кийин Том Келлиге ооруканадан телефон чалышып, апасынын жүрөгү кайра согуп баштаганын билдиришкен. Барбараны интенсивдүү терапия бөлүмүнөн жалпы палатага которушту. Ал окуя тууралуу азырынча билбейт.

«Барбара 101 жашка чейин жашоону пландаганын айтып келет» деди анын таанышы.

“Баракелде”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер