Өкмөт башчы Бороновдун боштугу менен вирусту жайылтууга баратабызбы?

Коомдук транспорттордо санитардык эрежелердин так сакталбаганы көпчүлүктүн санаркоосун жаратууда. Ресторан-кафелерде да ыраатсыздык, элдин көп чогулганы, той-топур, куран окутуу токтобой жатканы кандай? Премьер-министр Кубатбек Боронов улам эскертүү беримиш этет, же аны эч ким укпайт. Кызык, кечээги онлайн кеңешмеде президент Сооронбай Жээнбековго даттанып атканын уктук. Ушул кантип болсун? Өкмөт башчы ден соолук коопсуздугун баарынан жогору коюп, вирусту алдына алуу, сактануу иретинде чечкиндүү кадамдарга барышы зарыл.
Айтмакчы, шайлоого карай региондорду кыдырып жүрүшкөн партиялар да чектен чыгып кетишти. Аралыктар сакталбай, камыр-жумур аралашууда. Дал ушул үгүт иштерин да жөнгө салып, элди топтоо жагын чектеп, тартипти чыңдабаса кооптуу кырдаал жаралып кетиши мүмкүн. Июнь айында жайылган вирусту эки ай дегенде араң басаңдатууга жетиштик. Сабак албайлыбы? Коңшу Казакстан, Азия өлкөлөрүндө кайрадан илдеттин күчөгөнү кабарланууда.
Премьер-министр Бороновдун боштугу эпидемиологиялык абалды курчутуп жиберсе, элдин каргышына калбайбы? Анда мыйзам алдында сөссүз жооп берет! Кечээги апаатты тез эле унутуп коебузбу?
Aryba.kg