Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков мыйзамды тебелей береби?

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков мыйзамды тебелей береби?

15-ноябрь, 20:51
1 363 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баарыбыз билгендей, ОшМУ Кыргызстандагы эң чоң окуу жайы. Студенттери да 30-40 миңден ашык, бюджети болсо 3-4 миллиард сомго жетет. Башкача айтканда, казынасы Ош шаарынын бюджети менен бирдей. Мына ушундан улам анын ректорлугуна умтулгандар абалтан көп.

Акаевдин тушунда Бектемир Мурзубраимов, Бакиевдин тушунда Мухтар Орозбеков ОшМУда эки мөөнөт жетекчиликте отурган. Бир гана Каныбек Исаков бир мөөнөт гана ректорлукту аркалап, кийин билим берүү министри болуп кеткен. Ал министрлик кызматта отуруп, пандемия күчөп турган маалда каза таап калды. Эми так ошол Каныбек Исаковдун артынан келген Кудайберди Кожобеков деген ректор кызматын экинчи мөөнөткө созгусу келип жаткан экен. 

Кыргызстандын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, ЖОЖдун ректорлору 5 жыл сайын жаңыдан дайындалып турат. Кожобеков 2019-жылдын 5-ноябрь күнү ОшМУнун жамааты тарабынан шайланып, ошол эле жылдын 11-ноябрынан баштап ректорлук кызматка киришкен эле. Демек, Кожобековдун ыйгарым укуктары толук аяктады. Ошондо 12-ноябрдан баштап, бош кызмат ордунун милдеттерин аткаруу ушул мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин орун басарларынын бирине министрдин чечими менен жүктөлүп, өзгөчө статуска ээ бул окуу жайынын жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөө үчүн беш жумуш күндөн кечиктирбестен тандоо жөнүндө расмий жарыяланууга тийиш эле. 

Кызыгы, азыркыга чейин маалымат жарыяланбай, Кожобеков экинчи мөөнөткө калууга аракет кылууда. Тияк-быяктагы кишилерин салып, кайрадан “майлуу” жерде калууну көздөп жатат. Окуу жайдын жамаатынын бир бөлүгү нааразы болуп жатканы да күбүр-шыбыр кептерди курчутууда...

Негизи, 2021-жылдын ноябрында Жогорку Кеңешке шайлоого үгүт иштерине Ош шаарындагы студенттердин катышканы ачыкка чыгып, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматынан алынган. Окуу жайдын бир факультетинин деканы жана үч окутуучусу иштен кеткен. Бул окуяга байланыштуу билим берүү жана илим министри Болот Купешовго, Ош шаарынын ошол учурдагы мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланган. Бирок, бир жарым айдан кийин, 2021-жылдын 24-декабрында билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратып, Кудайберди Кожобеков кызматынан убактылуу гана четтетилгенин кабарлап, Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына кайрадан киришкенин маалымдаган. Так ошондо да “Кудайберди Кожобеков өкмөттөгү “тийиштүү кишиге” окуу жайдан тапкан “долясын” берип, анан калган” деген кабар чыкканы эсиңердеби? Эми Кожобеков дагы “доля” берип, кызматта кала береби? Натыйжада, мугалимдер каршы чыгып жатышса, креслого жармаша бергени кызык...  


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер