Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөрдүн түбүнө жеткени калдыбы?
Ушундайбы? Кумтөрдүн жетекчилигин колго алган Тенгиз Бөлтүрүктүн ишмердиги “күңүрттөшүп”, тар чөйрөдө ар кыл кепти козутууда. Мурдагыдай алтындын сапаттуу казылышы үзгүлтүккө учураганы, техникалар сынып, жарактан чыга баштаганы, иштөө ыргагы бузулганы айтылууда. Жумушчуларга медициналык кароолор жана тамак-аш начарлап, айлыктар да убагында берилбей калдыбы? Ай сайын кирешенин түшүүсү, өндүрүлгөн алтындын көлөмү кайсы чекке жетүүдө? Накталай продукция тышкы өлкөлөргө сатылбаса, кайдагы каражат менен иштетип атышат? Эгерде иштин ырааттуулугу баштапкы деңгээлде болбосо, анда экономикабыздын өзөгүн түзүп аткан Кумтөрдүн түбүнө жетип албайбызбы? Эмне үчүн бул жагынан толук кандуу маалыматтар берилбейт? “Ооруну жашырса өлүм ашкере кылат” дейт. Анын сыңарындай, Тенгиз Бөлтүрүк эң башкы өндүрүшүбүздүн абалы боюнча тааныштырып, коомчулуктагы шек саноолордон арылтпайбы? Же чын эле бир мандем барбы? Суроолорду жолдодук. Жообун күтөбүз.
"Азия Ньюс" гезити