Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сергей Собянин: “Курулушта иштеген мигранттардын санын 2 эсе кыскартабыз”

Сергей Собянин: “Курулушта иштеген мигранттардын санын 2 эсе кыскартабыз”

22-ноябрь, 12:02
1 060 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Москвадагы курулуш объекттеринде эмгектенген мигранттардын саны эки эсе азаят. Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин «Россия-1» телеканалына берген маегинде айтты.

«Биз көп убакыттан бери ири шаарларда мигранттардын санын азайтуу планын бир канча баскычка бөлгөнбүз. Анткени биздин башка аймактардан келген өзүбүздүн жарандар да курулуш тармагында эмгектенишет. Мигранттар да ушул тармакта эң көп» деп кошумчалаган Собянин.

Собяниндин айтымында, ички эмгек рыногун коргоо үчүн курулушта эмгектенген мигранттардын санын азайтуу көптөн бери каралып келе жаткан маселе. Ал мигранттардын ордуна курулушка Россиянын алыскы аймактарында жашаган жарандарды көбүрөөк тартуу керектигин да белгилеген. Ошондой эле россиялыктар үчүн жумуш шарты жана маянаны да жакшыртуу зарыл деп эсептейт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер