Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өзбекстанда 1-апрелден тартып карантиндик чаралар киргизилет

Өзбекстанда 1-апрелден тартып карантиндик чаралар киргизилет

24-март, 19:19
1 218 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзбекстанда 1-апрелден тартып коронавируска байланыштуу карантиндик чаралар киргизилет. Мындай чечимди өлкөдө СOVID-19 вирусун жугузгандар көбөйгөнүнө байланыштуу республикалык атайын комиссия кабыл алды. Ага ылайык, өлкөдө той, жаназага 100дөн ашык адам чогулууга тыюу салынат. Коомдук иш-чараларга адамдардын дене табы сөзсүз текшерүү менен киргизилип, алар аралыкты сакташы керек.

Театр, башка маданий жайларда көрөрмандар залдын 50 пайызын гана ээлеши керек жана беткап тагынууга милдеттүү. Карантиндик чаралардын аткарылышын көзөмөлдөөгө иш-чаранын уюштуруучулары жооптуу болот.

Өзбекстанда соңку күндөрү коронавирус жугузгандар көбөйүүдө. Өлкөдө былтыр башталган пандемиядан бери 81 миң 600дөн ашык адам вирус жугузуп, 622 адам каза болду.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер