Эсеналы Дайракуновдун 100 жылдык юбилейине арналат


Колхоз уставынын жаралган дооруна кыскача токтолсок, кесиби окумуштуу агроном, академик Чаянов Александр Васильевичтин жетекчилиги менен эң сонун даярдалган колхоздун уставын, аны менчик – кол тийбестик катары баалап, “өз тагдырларын өздөрү чечишсин” деп башка органдардын кийлигишүүсүнө тыюу салынган. Алгачкы жылдарда уставдын негизинде иш жүргүзүшкөн дыйкандардын жыйынтыгы илгерилеп, жакшы натыйжаларды бере баштаган эле. Айыл чарба азыктарын өндүрүү жетишерлик деңгээлде болуп, өздөрүнөн артканын келишимдик баа менен мамлекетке сата башташкан.
Россия Федерациясынын бийлигин «революция аркылуу» легитимсиз басып алып, Совет мамлекетинин жетекчилигине жеткен большевиктердин 90 пайыздан ашыгы сабатсыз болгондуктан, уставдагы менчик деген эң маанилүү жерин бийликтегилер колхозчулардын съездинде талкуулабастан “өзүм билемдик” менен алдырып таштап, каалагандай иш жүргүзө башташат. Натыйжада, мамлекеттик менчик менен жеке кооперативдик менчик аралашып, колхозчулардын өздөрү кашыктап чогулткан дүнүйөсүнө өздөрү ээ болбой, өстүргөн байлыгы «советтик карышкырлардын» таландысында калган. Аны көрүп турган колхозчулардын демилгеси алгачкы убактагыдай болбой, кескин пастап, өз алдынчалыгын жоготкон эмеспи. Көптөгөн колхоздорду, мамлекеттик менчиктин иш жыйынтыгына кызыкпаган, кайдыгер советтик чарбага (совхозго) айландырышкан. Советтик доордогу уюштурулган кооператив – жеке менчикти, совхоздорго өткөрүп алып жатканда, колхозчулар менен эсептешүүнү мамлекет жетекчилеринин эч кимисинин ой санаасына келген эмес.
Отузунчу жылдарда катуу күргакчылык каптап, Волга боюнда, Түндүк Кавказда, Казакстанда, алтын жер Украинада алабарман, эртеңкисин ойлобогон жетекчилер «сталиндик» эки беш жылдыкты, бир беш жылдыкта аткарабыз” дешип, үрөндүк дандарын дагы мамлекетке өткөрүп жиберишип, жазында себерге үрөнсүз калышкан.
Сталиндик репрессиянын желдеттери өлкөдөгү айыл чарбасында түшүмдүн алынбай калышын, анын негизинде миллиондогон адамдардын ачарчылыктан кырылганына «реакционер» Столыпиндин жолун уланткан жалгыз А.В.Чаяновду «күнөөлүү» деп таап, аны 1937-жылы кырк тогуз жашында, акылман адамды атууга кетиришет. Бирок, Столыпиндин ишин уланткан Чаяновдун реформасы асман менен жердей айырмаланып, менчикти жеке адамга эмес, колхоздун уставынын негизинде жалпы колхозчулардын-кооперативдик менчиги деп таанылган.
Пайдалануучу айыл чарба жерлерин өкмөт уюмдашкан кооператив – бириккен чарбаларга бекер өткөзүп берип, ал жерде «жерди сатып алуу-сатуу» укугу караманча жок. Жер реформасын жүргүзүүдөгү саясатыбызга кыскача кайрылсак: “Россия империясынын тарыхында эң күчтүү, жана эң жашында ички иштер министри, премьер-министрликке дайындалган Столыпин Петр Аркадьевич теңдешсиз реформатор жетекчи эле. Петербургдагы универстетти аяктагандан кийин өзү жетектеген Гроднен, Саратов губерниясында айыл чарбасын башкарууда «хуторское хозяйство» жана «крестьянское хозяйство» деген көп жагынан окшош кооперативдерин уюштуруп баштаган. Жүргүзгөн иштери натыйжалуу болгондуктан Россиянын биринчи Мамлекеттик Думасын таратып, Столыпинди премьер-министрликке дайындагандан баштап аталган кооперативдери кеңири кулач жаят. Кыска мөөнөттө Россия Федерациясы тамак-аш менен өзүн толук камсыздап, эң мыкты сапаттагы буудайды, кара буудайды, этти, майды, картошканы Европа өлкөлөрүнө экспорттоп калган деңгээлге жеткен. Айыл чарбасындагы алгылыктуу иштер Россиянын борбордук кара топурактуу райондорунда эле эмес, алыскы Амур облусун, Алтай крайын, Украинаны, Казакстанды, Кавказды, Волга боюн, Орто Азиядагы реформанын жүрүшүн дагы Столыпин ыраактан сереп салып, мамлекет тарабынан жыл сайын олуттуу колдоо көрсөткөн.
Өлкөнү баардык жагынан кескин көтөрүүгө көптөгөн прагматиктик долбоорлорду даярдап, колдонуучу брошюраларды жана китептерди чыгартып, ишенимдүү сөздөрүн көпчүлүккө, Мамлекеттик Думада, расмий жыйындарда талбай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, “бизге жыйырма жыл гана тынчтык убакыт бергиле, өлкөбүз ааламда жок улуу Россия империясына айланат” деген далилдүү сөздөрүн ачык айтып, уккандардан ыраазылык алып турган эле. Өлкө боюнча анын негиздеген эл чарбасындагы программаларына кайчы пикир айткан бир дагы саясый партия, же бир дагы билимдүү реформатор адам табылган эмес.
Акылман, патриот, чечкиндүү реформатор өкмөт жетекчиси: “Кыска мөөнөттө дың жерлерди өздөштүрүүдө, ааламда жок узун темир жолдорду салдырууда, жаңыдан курулуп баштаган самолет тармактарын өнүктүрүүдө, эскирген аскер- деңиз флотторун жаңыртууда, илим-билимдүүлүктү көтөрүүдө, жаңы шаарларды, жолдорду курдурууда, улуттар ортосундагы мамилелерди жакындатууга жана башка көптөгөн экономикалык, экологиялык, социалдык зор саясый өңүттөгү башталуулар Петр Аркадьевичтин ысмына байланыштуу болгон. Столыпин күчтүү монархиялык борбордук бийликти, өнүккөн күчтүү жеке менчик кабыл алган мыйзамдардын негизинде өлкөдөгү башаламандыкты уюштуруп жаткандарга бөгөт болот” десе, 1906-жылы сентябрь айында Лондон шаарында өткөн социалистердин съездинде тескерисинче, “Россиянын ар тараптан өнүгүп кетиши революциялык саясый иштерди кескин токтотот, ага жол бербешибиз керек” деген токтомун кабыл алышат. Алардын бузуку чечимдерин социал-демократиялык жумушчулар жана башка партиялар дагы альтернативдүү негизде даярдаган программасы жок, оозеки колдоп чыгышып, баардык жерлерде стачка, иш таштоо, мамлекеттик байлыкты талап-тоноо, тартипсиздикти уюштуруп, кескин өнүгүп бараткан закондуу мамлекеттик бийликти кулатуунун, басып алуунун, талкалоонун аракеттерин жанталашып уюштурушкан. Бүгүнкү күндөгү бир тууган орус-украин кыргынынын башаты ошол мезгилге барып такалат.
Кечээ эле артта жүргөн Россия мамлекетинин экономикасынын кескин көтөрүлгөнүнө жана алардын чексиз байлыгына байыртадан кызыккан, ичтарыган тегерегиндеги душман өлкөлөр алардын бекер берген акчаларына алданып, кошулган ички бузуку россиялык сабатсыз революционерлери биригип, ажалдан коркпос, атамекенин, мамлекеттик өндүрүшүн чексиз урматтаган Столыпинге он чакты жолу куралдуу кол салууларды уюштурган. «Асылган оору алмайынча тынбайт» дегендей, акыры аны 1911-жылдын 1-сентябрында кырк тогуз жашында өз мамлекетине кечирилгис чыккынчылык жасашканын түшүнбөгөн “бунтовщиктер” Киев шаарындагы театрда отурган жеринен атып өлтүрүп, орус өкмөтү табылгыс, чыгаан реформатор жетекчисинен кол жууйт. Катарынан атылган эки октон жаны кыйналып турса дагы Петр Аркадьевич жанындагы император Николай II Александровичти карап, «счастливо умереть за царя» деп айланасына угуза айтып, анын улуулугун даңазалап, жакшылык каалап, чокунуп таазим эткен.
Көпчүлүк орус элинин сүймөнчүлүгүнө айланган Столыпинди Киев шаарынын эң барктуу аталган «Печерская лавра» көрүстөнүнө жүз миңдеген адамдар узатууга катышып, заматта каражат чогултуп, шаардык Мамлекеттик Думанын аянтына жакын Крещатикке заңкайган эстелигин тургузушат. Эстеликти италиялык атактуу скульптор Ксименесу бир жылда куруп бүтүргөн. Эстеликтин ачылыш аземине демилгечилер П.А.Столыпинге арнап медаль жасатышкан эле. Медалдын бир жагы Петр Аркадьевичтин сүрөтү, экинчи бети өзү айтып жүргөн «Им нужны великая потрясения, нам нужна великая Россия» деген осуят сөзү жазылган. Эстеликте дагы анын олуязаададай айтылган сөзү бадырайып алыстан көрүнүп, окулуп турат. Россияда революция жеңгендин эртеси, 1917-жылы 8-ноябрда Крещатик аянтын көрктөндүрүп турган «реакционердин» эстелигин большевиктер түп-орду менен талкалатып, түзөтүп таштаган. Киев шаарынын тарыхында мынчалык көп адамдар чогулуп, урматтап узаткан коштошуу зыяратын эч кимге жасалган эмес деп айтып, жазып кетишти.
Романов династиясынын акыркы жана акылман императору Николай II бүткүл Россиянын, Польшанын императору, Финляндиянын улуу князы, Гвардиянын полковниги, Британиянын адмирал флоту, о.э. фельдмаршалы чинине ээ болгон. Француз, немис, англис тилдеринде эркин сүйлөп, дүйнөлүк адабиятты, экономиканы, өнөр жайды терең талдай билген окумуштуулук деңгээлге жетет. Революция жеңери менен сүргүнгө айдалып, адам чыдагыс ачкачылыкта кыйноодо кармалып, 1918-жылдын 18-июлунда акылман аялы Александра Феодоровнаны төрт баласы менен кан ичкич больщевиктер атып ташташкан.
1990-жылдардын аягында Ельциндик бийлик кан ичкич большевиктер тарабынан күнөөсүз Ак падышанын үй-бүлөсүнүн атылгандан жетимиш эки жылдан кийин сөөгүн көмгөңдө православие чиркөөсү аларды ыйыктардын катарына ардактап кошкон.
1951-жылы Свердлов шаар комитетиндеги партиялык кызматкер Петр Ермаков, Георгий Константинович Жуковго “Романов династиясынын акыркы мураскерин үй-бүлөсү менен атып, найзалап өлтүргөм” деп эрдемсинип колун сунганда, маршал “палачам руки не падаю” деп жийиркеничтүү карап, тескери басып кетет.
Тышкы коңшулаш мамлекеттерге, Ата мекенине кенедей кыянатчылыгы жок, дүйнө элдерин таңкалтырып, ар тараптан кескин өнүгүп жаткан өлкөнү бир жылда эки жолку кыргындуу революцияны, миллиондогон бейкүнөө адамдардын граждандык согуштагы төгүлгөн канын уюштурган канкор большевиктердин өздөрү дагы жалган дүйнөдөн баар тапкан жери жок. Кийинки кандуу кезек өздөрүнө ооп, бийлик-байлык талашуудан бири-бирин камап, атып, уулантып өлтүрүп, токсон пайыздан ашык мезгилсиз жантаслим болгондоруна больщевиктердин өздөрү себепкер. Четинен санасак: Свердлов, Ленин, Фрунзе, Троцкий, Бухарин, Зиновьев, Рыков, Каменев, Ордженикидзе, Сталин, Берия, Кулаков, Гречко жана башка жүрөк сыздаткан күнөөсүз-күнөөлүү мерт кеткен миңдеген адамдарды атоого болот. Дагы бир адамзатка ылайык келбеген оңтойсуз жери – революционерлердин көпчүлүгү тукумсуз өтүштү.
Жалпы жыйынтык: больщевиктер мыйзамсыз “найзанын учунда, кылычтын мизинде” зордуктоо жолу менен тургузган зор өлкөсү – СССРди таратып, талап-тоноп жок кылышты.
Улуу Конфуцийдин жолун улаган, Си Цзинь Пин Кытайда СССР илим изилдөө институтун жакында ачкан. Илимпоздордун жалгыз максаты: дүйнөдөгү эң кубаттуу өлкө болгон СССР мамлекетин кантип, кандайча талкаланган себептерин аныктоо тапшырмасын алышат. Тилекке каршы, эки улуу ойчул, мекенчил адамдарыбыздын бирөөсү баштап, экинчиси чейрек кылымдан кийин мамлекеттин тагдырын чечүүчү совет дооруна ылайыктап улаган реформасы өз мекенинен орун таппады. Анын үзүрүн дүйнө элдеринин башка мамлекеттери пайдаланууда.
Колхоздун уставында баардык маселелер ырааттуу камтылган: уюштуруу, башкаруу, текшерүү иштери жана ар бир мүчөсүнүн укуктары, жылдын жыйынтыгына баа берүү, экологияны, жаратылыш байлыктарын сактоодо, талаачылыктагы, мал чарбасындагы, курулуш тармактарында, соода сатыкта, өндүрүштүк-коммерциялык байланыштарга да кеңири жол ачылган.
Кыскартып айтканда, жалпы экономиканы көтөрүү тарыхында, айрыкча айыл чарбасында колхоздун уставынан мыкты кооперативдик башкаруу формасы жок дешип, өздөрүнө ылайыкташтырып, дүйнөдө көптөгөн мамлекеттер колдонуп жатышпайбы!
“Алла Таалам ар бир пендесине ырыскыны ар кандай чачат” дегендей, менин бармактайымдан көңүл коюп, жүрөк толгоо болгон негизги алган багытым, колхоз курулушу, анын лидерлери, чарбалардын экономикалык өсүш деңгээлине байланыштуу болгон колхозчулардын жашоо турмушу дагы кызыктырып келген. Кийин айыл чарба институтуна жаңыдан студент болуп катталганда, республикадагы алдыңкы чарбалардын жетекчилеринин өндүрүш жыйынтыгын, иштөө стилин жакындан көрүп-билип, аралаша жүргөндөй курсташтарыма айтсам таңгала угушчу. Алдыңкы колхоздордун иш тажрыйбасын массалык маалымат каражаттарынан тажабай окуп, угуп тургандарым жадымдан чыкчу эмес. Ал убактагы советтик, партиялык кызматкерлердин кабыл алынган тартиби боюнча “күлү додо” болбой, улам жаңы кызматтарга которула бергендерин дилимден жактырчу эмесмин. Кийинчерээк көп жылдары дегдеген, таттуусунан ачуусу арбын, колхоз башкармасынын даамын “аябай” таткам.
Арбын жылдардан бери таңгала көксөп, терең урматтап жүргөн жаратылыш шарты катаал, Теңир Тоодогу экономикасы өнүккөн атактуу чарба тууралуу сөз козголмокчу.
“Нарын районуна караштуу “Жаңы талап” колхозу, жылдын жети-сегиз айы кыш болгон Теңир Тоонун Соң-Көл, Кара-Кужур жайыттарынан башталып, аягы 200-350 чакырым зор аянтты ээлеген, түбөлүк тоң баскан Аксай, Торугарт жайыттарында мал чарбасын ырааттуу жүргүзүп, күтүрөгөн төрт түлүк малын асырап баккандарга таңгалбай коюу мүмкүн эмес. Ушундай татаал шартта, арттагы чарбаны отуз жыл ийгиликтүү жетектеп, экономикалык деңгээли республикадагы колхоздордун алдыңкысына теңеген, рентабелдүүлүгү 45-50 пайыздан төмөндөбөгөн, 3-4 миллион сом акча каражатты дамамат эркин пайдаланууда турган чарбанын башкармасы Эсеналы Дайракуновичти кандайча баалоого, урматтоого болот?
Колхоздун өз каражатына типтүү 1200 орундуу мектеп, 50 койкалуу оорукана, тегирмен, теплица, тери иштетүүчү цех, машина-трактордук паркы тургузулуп, техникалары толук жаңыланган, көптөгөн короо-сарайлар кыштоолордо салынып, аларга электр энергиясы жеткирилген, карамагындагы айылдары толук телефондоштурган. Республикада саамалык катары ысык, муздак суусу, канализациясы иштеген элүү үйдөн турган кичирайончону курдурган эле. Жүздөн ашык үйлөрдү жылытууга откана жасатып, электр кубатын пайдаланган. Алыскы жайыттарга баруучу жолдорду чарбанын эсебинен салдырып, каңдак жерлерге көптөгөн коптаждарды курдуруп, суу чыгартат. Өлкөдөгү керектүү өнөр жай тармактары менен өз ара келишим түзүп, чарбанын муктаждыктары аткарылып турган. Фрунзе-Нарын жогорку чыңалуудагы 110 кВт электр линиясынын курулушуна катышып, долбоордогу линияны алып өтүүгө өтө татаал капчыгай менен эмес, Кыржол багытына которткон. Натыйжада, иш тез арада сапаттуу аткарылып, көптөгөн мамлекеттик каражаттар үнөмдөлөт. Акылман адамдын сунушу жогору бааланып, СССРдин ГОЭЛРОсунун юбилейлик күмүш медалы менен сыйланган.
Эсеналы Дайракунович Кыргыз ССР Жогорку Советине эки жолу депутат, Кыргызстан КП БКнын эки жолу мүчөсү болгон. СССРдин колхоздор советинин мүчөлүгүнө үч мөөнөткө, КР колхоздор советинин орун басарлыгына эки ирет шайланат. Кажырты насостук станциясын курдуруп, көптөгөн аймактарга суу жеткизген. Мурдагы суу чарба министри, кийин СССР “Кыргызглавводстройдун” жетекчиси, айыл чарбасынын корифейи аталган Асан Кожомкуловдун айтканына кулак түрсөк: “Биздин мекеме менен аралашпаган бир дагы айыл чарба, өнөр жай, тоо-кен тармактары жок. Дайракунов менен иштөө өтө кызыктуу, жер шартын, өндүрүштүн уңгусун терең билгендиктен, суу курулуштарынын өзгөчөлүгүн алдын ала сезип турат. Баарлашып, ал кишинин сунуштарын колдобой коё албайсың” дегенин көп жолу угуп жүрдүм.
Жогорку Кажырты, Он-Арча-1,2 станцияларын орнотуп, беш миң гектардай жерге суу жеткирилген.
Айыл чарба институтунда катарлаш окуган жакшы санаалашым Кыргызбай Алагушев бийик тоолуу катаал аймакка ылайыкталган жарым уяң жүндүү “Тянь-Шань” породасынын авторлору Друженьков менен Друженькованын бүтүрбөй кеткен илимий иштерин улап, Австралиядан “корридель” тукумундагы асыл тукум кочкорлорду сатып келгенин, коюбуздун кунардуулугун дагы да арттырууга чогуу иштөө демилгесин айтат. Уккан кулагыма ишенип-ишенбей тургам. “Эсекем жогорку билимдүү экономист, жалаң чыгаан чарба жетекчиси эле эмес, деңгээли ири селекционер окумуштуудай түшүнүгү бар” деп сөзүн кайталап жиберди. Эки жылда “корридель” тукуму менен “күчөткүч” катары колдонуп, 60 миң кой аргындаштырылды. Натыйжада алынган жүндүн, төлдүн салмагы көтөрүлүп баштады.
“Жаңы талап” колхозунан көптөгөн кадрлар райондун, облустук, айрымдары республикага тандалып, тарбияланган жетекчилерди даярдаган деңгээлге жеткен.
1977-жылдары Эсеналы Дайракуновду Ат-Башы райондук аткаруу комитетинин председателдигине документтерин даярдатып, “беседадан” өткөрүп баштайт. Иш Турдакун Усубалиевге жеткенде, раисполкомдун жетекчисине даяр кадрлар республикадан табылат. “Эсеналы Дайракуновду ордунан козгобогула, андай табылгыс башкарманы түбөлүк жоготуп алабыз” деп ишти жаап салат.
1987-жылы 62 жашында “алдап-соолап” пенсияга узатып жатканда, Эсеналы Дайракуновдун тажрыйбасы ашып-ташып, чарбасы дагы көтөрүлгөн деңгээлге жеткен. Нарын облусунун көптөгөн чарбалары карыздын сазына батып турса, ошол эле климаттык шарттагы “Жаңы талап” колхозу чарбанын рентабели 40-50%дан төмөндөгөн эмес. Банкта 3-4 миллион эркин акчасы, накталай эмгек акыга төлөнүүчү эгиндери кампада жыйылып турган. Ал мезгилде Ален Даллестин “кансыз согушу” триллион долларды чачып, СССРдин биринчи душманы Михаил Горбачев бийликке толук келип, союздун, социалистик системанын таралышын күтүп калган убак болгон. Союздагы өз алдынча тың иштеген ири комбинаттардын, эл чарбасынын жетекчилерин, замандын агымына “тескери” иштеген советтик, партиялык кызматкерлерди катарынан кубалап жаткан доорго туш келген заман эле.
“Жаңы талап” колхозу жогорку көрсөткүчтөрү үчүн Октябрь революциясы ордени, бир нече жолу союздун, республиканын Өтмө Кызыл Туулары менен сыйланган. СССРдин ВДНХсында 17 жыл, Кыргыз ССРинин Ардак тактасында 20 жылдан ашык көрсөтүлүп турганын билебиз.
Эсеналы Дайракунович Ленин, Октябрь революциасы, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери, В.И.Лениндин жүз жылдык юбилейлик медалдары, ВДНХнын алтын, күмүш белгилери менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын беш жолу алганын айталы.
“Кыргызга кыргыздан ашкан душман жок экендигин” миң жылдык тарыхыбыз далилдегендей, жалган-чынын ким билет, өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик сыйлык аталган Социалистик Эмгектин Баатырына Дайракуновдун документтери даярдалып баштаганда, Акүй менен тымызын байланышы бар, эң жакын үзөңгүлөш “досторунун” чымынды пилдей, чиркейди төөдөй көрсөткөн анонимный каттарынын негизинде, сыйлоо көчүнө жасаган аракеттер токтогон дешет. Албетте, республикада катталбаган зор айыл чарба аянттарын ээлегендерге, бир жери адаттан тышкары суук каптап, көчкү жүрүп, сел алып, малы чыгашага учураса, башка бийик тоолуу аймактарында дагы жаратылыш кырсыктары адатынча кайталанып турган. Аларга дагы чарба жетекчиси күнөөлүүбү?
Кыргыз Совет тарыхында колхозун ийгиликтүү байыткандыгы үчүн Социалистик Эмгектин Баатыры деген жогорку мамлекеттик сыйлыкка эки жолу жеткен, бир жолу сыйланган бир нече башкармаларды тизмектеп санап өтөлү. Бирок, алардын баардыгы тең климаттык шарттары ыңгайлуу болгон пахта, кызылча, тамеки жана апийим зоналарында жайланышкандан, бүтүргөн көп жылдык иш жыйынтыктарын, келтирген экономикалык байлыктарын отуз жылдык мезгилде түбөлүк тоң баскан асман тиреген аска зоолуу тоолордо жүз миңдеген асыл тукум Чолпон Атанын төлүн алып, жүнүн кыркып, этин төгүп, чарбанын рентабелдүүлүгүн 45-50 пайыздан кемитпеген Эсеналы Дайракуновго салыштыруу мүмкүн эмес. Жыйынтыгында, Эсеналы Дайракуновичти Совет мезгилиндеги Кыргыз башкармаларынын эталону дегенге толук негиз болуп турбайбы!
Өмүрлөшү Керималиева Букай эжебиз Эсеналы агабыз менен элүү жылдан ашык бирге доорон сүрүп, бүткүл өмүрүн, жубайлык ырахатын баш кошкон адамына арнап, үй-бүлөлүк оорчулукту жеңил моюндап жашап өттү. Эгерде байбиченин эриш-аркак колдоосу болбосо, демалышты, отпускага чыгып өргүүнү билбеген Эсекеңдин отуз жылдык башкармалыгында “Жаңы талап” колхозундагы жараткан зор ийгиликтери жаралат беле, же жокпу? Ушул жагын айылдаштары саймедирешип чейрек кылым өтсө дагы алигиче кеп кылып жүрүшөт.
Кудайдын буйругу менен эки асыл адамга 1948-жылдары нике кайып буюруп, жарым кылымдан ашык убакыт бирге өмүр сүрүшүп, бактылуу жашашты. Асан аттуу уулдуу, Эркин, Умсунай, Уултай, Тилек, Кулан, Бакытгүл, Шайлоо аттуу кыздарды тарбиялашып, эрезеге жеткизишип, баарын тең жогорку билимдүү, жашоонун уңгулуу жолуна багыт беришти.
Уулу Асан Эсеналиев 1950-жылы туулган, КМУнун экономика факультетин аяктаган. Жубайы Чуйтуева Бурулсун жогорку билимдүү химик. Эки уул, эки кыздын ата-энеси.
Эсеналы Дайракуновдун кыздарынын улуусу Эркин жогорку билимдүү. Дильшат, Эльшат деген эки кыздын энеси, сегиз неберенин таенеси.
Экинчи кызы Умсунай жогорку билимдүү тарыхчы. Үч уулдун, беш неберенин чоң апасы. Жолдошу Мадиев Эшимкан партиянын Ысык-Көл райкомунун биринчи катчысы болуп иштеп турганда автоавариядан каза тапкан.
Үчүнчү кызы Уулгелди Ростов мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Бир уул, бир кыздын энеси. Жолдошу Жуманов Аскар бизнесмен.
Төртүнчү кызы Тилек КМУнун экономика факультетин бүткөн. Жолдошу Кабылов Айбек курулуш инженери болуп, оорудан эрте кайтыш болгон. Тилек үч кыз, бир уулдун энеси.
Бешинчи кызы Кулан БГУдан социалдык психология кесиби боюнча жогорку билим алган. Жолдошу Маматаев Базаркул кесиби боюнча жогорку билимдүү агроном.
Алтынчы кызы Бакытгүл Фрунзедеги политехникалык институттун технология факультетин аяктаган. Жолдошу Кожогулов Нурлан жогорку билимдүү инженер. Он эки жылдан бери айыл чарба министрлигинде механизация департаментинин директору. “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери” Искендер деген уулдун, Айгерим, Алтынай деген кыздардын ата-энеси.
Кыздардын кенжеси Шайлоогүлү жогорку билимдүү дарыгер. Жолдошу Байдөлөтов Асылбек жогорку билимдүү. Үч кызы бар.
Жогоруда көрсөтүлгөндөй, Дайракунов Эсеналы байбичеси Керималиева Букай экөө баардык балдарын ар кыл кесиптеги жогорку билимдүү болушуна аракеттенишкен. Азыркы тапта уул-кыздары үңгулуу ата-эненин салтын улантып, бала-бакырасы, неберелери менен Кыргызстандын ар кайсы буюрган жерлеринде бактылуу өмүр сүрүүдө.
“Башталган ар иштин аягы болот” дегендей, Кудайдын маңдайга жазган жазмышынан эч ким качып кутула албайт эмеспи. Байбичеси Букай апа 1999-жылы жарык дүйнө менен кош айтышса, Эсеналы агабыз 2005-жылы сексен жаш курагында дүйнөдөн кайтып, сөөгү Жаңы-Талап айылына коюлган.
Эсеналы Дайракуновдун баскан жолу, элине арналган эмгеги, жашап өткөн өтөлгөлүү өмүрү кийинки муундарга өрнөк, сабак болоруу шек жаратпайт.
Мырзабек Касымалиев, ЖКнын экс-депутаты, айыл чарба илимдеринин кандидаты











