Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Билл Гейтсти ашып өткөн дүйнөдөгү эң бай адамдардын жаңы тизмеси

Билл Гейтсти ашып өткөн дүйнөдөгү эң бай адамдардын жаңы тизмеси

24-ноябрь, 18:15
1 349 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

"SpaceX" жана "Tesla" компанияларынын башчысы Илон Маск "Microsoft" ишканасынын негиздөөчүсү БиллГейтсти артта калтырып, дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде экинчи орунга чыкты. Бул тууралуу "Bloomberg Billionaires Index" рейтингине таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Илон Масктын байлыгы бир жыл ичинде 100,3 миллиард долларга өсүп, учурда 127,9 миллиард долларга жетти. Үчүнчү орунга түшүп калган Билл Гейтстин капчыгында 127,7 миллиард доллар бар.

Биринчи орунда мурдагыдай эле Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос калууда. Анын байлыгы 182 миллиард долларга жетти.

Ошондой эле эң бай адамдардын бештигине "Louis Vuitton Moët Hennessy" компаниясынын президенти БернарАрно жана Facebook тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг кирет" деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул жылы чоң ийгиликке жетишкен Илон Масктын "Tesla Motors" компаниясы 2003-жылы негизделген. Ал негизинен электромобилдерди жана ага тийешелүү жабдууларды өндүрөт.

“Супер кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер