Келдибек Ниязов, КР эл артисти: “Шакемди узатып эшикке чыксак, аппак “Волга” күтүп турган экен”
-- Келдибек ага, Шайлообек байкем менен филармонияда чогуу иштешкен учурду бир жолу айтып бердиңиз эле. Ошол кезди эскербейлиби?
-- Шакем 1983-жылы ала шалбырт жаз айларында филармониянын адабий бөлүмүнө башчы болуп келип калды. Башында “стекловатадан” тигилген тумак, жонунда купкуу плащ, бутунда өмүрү чаңы сүртүлбөгөн боосу жок батиңке. Филармониянын директору бизге тааныштыргандан кийин Асанкул Шаршенов шыбырады. “Жогору жак адабий бөлүмгө башчыны андан-мындан качканды же убактылуу иштей турган шүмшүктөрдү жиберчү эле. Кебетесине караганда, нака Кудайдын колунан жөө качкан немени жиберген окшойт?” деди. Аз өтпөй эле коюн-колтук аралашып кеттик. Нагыз чыгармачыл адам. Биз күткөн эки айылды эриктирбеген, эрди-катынды чабыштырган интриган эмес, тескерисинче, бөлүп-жарылуу дегенди билбеген, улуу-кичүүгө бирдей мамиле кылган, күлүп-жайнап, тамашаны катыра айта билген адам экен. Эмнегедир эртең менен жумушка келгенде “суутуп койгонсуп” баарыбыз түз эле Шакемдин кабинетин көздөй жөнөйбүз. Издегендерди да ошол жерден тапса болот. Мейли, куудулдар, төкмө акындар чогулалы, а жанагы скрипка чойгонго эмне жок дейм да, ал деле жүрөт. Анан Эрмек Мойдунов келет. Аны Асанкул агабыз “акыркы кабар” деп алган. Анткени, жогору жакта ким кайсы кызматка барат, кимди жумуштан алат, анын ордуна ким келет (?) бүт баарын төкпөй чачпай айтып берет.
-- Шакемди ким “инопланетянин” деди эле, эмне себептен?
-- Шакемди “инопланетянин” деп Асанкул аксакал айткан. Себеби, баардык артисттер Шакемдин кабинетинен чыкпайбыз. Ар нерсени айтып бака-шака түшүп, кыраан-каткы күлөбүз. Шакем биздин андайга көп көңүл бөлбөй, өзүнчө иштей берет. Жарыктык, “мен иштейин, эми баргыла” деп айтып койбойт. Нерви бекем экен. Баш көтөрбөй иштей берчү. Аны байкаган Асанкул агабыз: “Келдибек, ай, мен ушу Шайлообектин атбашылык экенине күмөнүм бар. Сен тыкыр тактачы. Инопланетянин эмеспи? Мүмкүн атайын ошол жактан жиберип, бизди сынап атышкан жокпу? Бөлөк планетанын адамы эмеспи?” деп күлдүрдү эле.
-- Кайсы жылы Москвага Шакем менен барып жүрөсүз?
-- Союз ыдырады, 1992-жылы эсил кайран СССР аталып, тамагыбызды эмес, аш иче турган табагыбызды таппай карайлап турган кез. Москвада жашап жана окуп аткан аспиранттар “Нооруз майрамын өткөрөбүз” деп Акүй аркылуу өнөрпоздорду чакырып калышты. Шакемди баш, мени төш кылып, беш-алтообузду жөнөтүштү. Бизди тосуп алган жаштар элчиликтин мейманкасынан кастарлап эки бөлмөлүү орун беришти. Оозгу бөлмөдө жапалдаш бойлуу, мыртыйган корей улутундагы жигит экен. Экөөбүз аркы бөлмөсүнөн орун алдык. Эртең менен турганда эле Шакем жуунчу бөлмөдөн үн катты. “Атаң оозурайын десе, бул биздин чеснок-пиязды сатып жүргөн кызыл кулак корейлерден окшойт, атыр самын, тиш пасталарын колдоно берели. Буларга убал жок, туурабы?” деп мага кайрылды. Мен “Шаке, сабыр кыл. Уят эмеспи. Кечинде келгенде анын бетин кантип карайбыз?” дедим. “Ой, Келдибек, алдыгы кебетең менен мыртыйган немени кулак түпкө бир урсаң кулайт. Андан аркысын мага кой. Баратбай Аракеев үйрөткөн ыкма менен жөн эле тынчытам да!” дебеспи. Ошентип биз Москва шаарын болушунча түрө кыдырдык. Бизди коштоп жүргөн жаштар болушунча сыйлашты. Ал учурда Москва деле карайлап калыптыр. Дүкөндөрүндө арак-шарап жок. Эптеп колдон самогон таап, алагүү болуп келатабыз. “Мейманканага жетсек, жанагы мыртыгыйдын пачак-мачагын чыгарабыз” деп алганбыз.
-- Эми кызуулук менен да?..
-- Кыргызың ичип алганда Ысык-Көл тизеден келип, өзүн Манас сезип, Нарын дарыясы менен суу чачышып ойногусу келип калат эмеспи. Келсек, ал бизди жаркылдап-жайнап, жаркөптөй кайнап тосуп алды. Ортого столду ийилте дүр-дүйүм тамакты коюптур. Ары жактагы чоң сумкесинен шотландский вискисин алып чыгып, үч стакандын капортосунан куйду. Андайда кыргыздын бат эле ак көңүлдүгү кармайт эмеспи. Биз да катып жүргөн атактуу кыргыз коньягыбызды жана сүрсүгөн чучукту алып чыктык. Жайдары маанайда тааныштык. Көрсө, кыргызстандык эле экен. Болгону каратэ боюнча машыктыруучу, “кара курдуу” макамы бар биздин балдарды Жапонияга мелдешке алпарып, ал жактан ийгиликтүү кайтып келаткан кербези тура. Таң эрте биздин бөлмөгө кирип, аэропортко кетип атканын айтып, “баш жазмайды” калтырдым” деп жылуу-жумшак коштошту. Ал кеткенден кийин Шакем: “Тууй ата, түндө бир ажалдан калыппыз. Сен аны урганда, колуңду кайрып, колтугуңду айрып... Мен тепкенде, бутумду кайрып, чатымды айрып, задний мост менен передний мост жараксыз калмак экен” деп бир сыйра күлдүк.
-- Шакем кайсы жылы филармониядан кетти?
-- 1993-жылы кетти. “Мен бул жерде жүрө берсем чыгармачылыгым чектелүү болуп калчудай. Алдыга карай өсүү токтойт өңдүү. Андан көрө гезит-журналдарга барып, чыгармачылыгыма көңүл бурайын. Кабарлашып, катташып туралы” деп чай берди. Манасчы Уркаш Мамбеталиев байке капа болду. “Ой, Шаке, 9 жыл бир жерде иштеп, сени менен бир да жолу стакан кагыштырбапмын. Азыр келем, кетпей тур” деп шашкалактаган бойдон эшикке чыгып кетип, көз ачып-жумгуча эле кайра кирип келди. Колуна (“сом кара” деп коёт элек) “Кагор” виносун көтөрүп алган. Асанкул аксакал: “Ушу толгон-токой ичкиликтин ичинен тапканың “Кагор” болдубу?” десе, апенди чалыш мүнөздөгү Уркаш байке: “Аялдар төрөгөндөн кийин ушуну ичишет да. Демек, жакшы ичимдик болсо керек!” дегенде бир күлүп жыргап алдык.
-- Анан Шакемди узаттыңар...
-- Узаттык. Айтмакчы, узатып эшикке чыксак, сыртта аппак “Волга” машине күтүп турган экен. Шакем ага түшүп жөнөп кетти. Асанкул ага аңкыйган бойдон минтип атпайбы: “А атаңдын оозун урайын десе, бул бизди 9 жыл келесоо кылган турбайбы. Мунун барайын деген, көксөгөн жери Акүй тура! Шайлообек кетти. Биз калдык!” деп бир күлдүрдү.