Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Өзүмдөн улуу адамга болгон сезимимди кантип өзгөртөм?
Өзүмдөн улуу адамга болгон сезимимди кантип өзгөртөм?
21-декабрь, 19:30
362 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жашым 21де. Келечегимди, алдыдагы үй-бүлөлүк жашоону таптакыр башкача элестетчүмүн. Бирок өзүмдөн бир топ жаш улуу адамды жактырып калдым. Үй-бүлөсү, балдары бар. Ал адам алгач түрдүү белектери, таттуу сөздөрү, келечекке болгон кыялдары менен мени өзүнө тартып алды. Эми караанын ала качып, менден алыстап жүрөт. Ичиме кайгым батпай кыйналып кеттим. Мен ал адамды аябай жактырып калыпмын. Башка жаш жигиттердин баары ага тең келбейт. Бирок аны түшүнөм, үй-бүлөсүнө жарака кетиргиси келбейт. Жанындай көргөн бала-чакасы бар. Анын үй-бүлөсүн бузайын деген эч кандай жаман оюм жок. Ортобузда деле эч нерсе болгон эмес. Бирок ага болгон сүйүүмдү кантип суутам?..
Сезим
"Азия Ньюс" гезити