Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мырзатай Султаналиев: “Электр энергиясынын наркын көтөрүү зарыл”

Мырзатай Султаналиев: “Электр энергиясынын наркын көтөрүү зарыл”

25-декабрь, 17:47
2 496 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Энергетика тармагы боюнча эксперт менен маек.

-- Акыркы кездерде электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлөт, “белгиленген чыгымдан ашык пайдаланылууда” деген сөздөр айтылууда. Негизи электр энергиясынын тартыштыгын жоюу мүмкүн беле?

-- Биринчи коюлуп аткан чектөө жөнүндө айткым келет. Азыркы кезде Кыргызстанда электр энергиясын бере турган генерациянын кубаттуулугу 3200 мегаваттка жетет. Мындан ашык бере албайт. Ар бир облуска бөлүп, чектөө киргизүүнүн себеби ушунда. Бирок, электр тартыштыгын жоюу мүмкүн. Ал үчүн жаңы ГЭСтерди, генерацияларды ишке киргизүү керек. Ошондой эле өкмөт комплекстүү иш-чараларды алып барышы шарт

-- Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн өзүбүздүн колдонуубузда жетишерлик деңгээлде сактап коюуга болобу?

-- Болот. Энергетиктер жылда мунун үстүндө иштеп атышат. Нарын дарыясы Орто Азиянын баарын басып өткөндөн кийин эл аралык келишимдердин негизинде иш жүрөт. Ага ылайык, суунун бир жылдык тийешелүү көлөмүн коё берип туруш керек. Аны кармап калууга акыбыз жок. Жай мезгилинде Казакстан менен Өзбекстанга өткөн сууну кышта кайра электр энергиясын кайтарып алуу келишимдери түзүлөт. Ошолордун негизинде иш жүрүп атат. Бирок, акыркы жылдардагы кургакчылыкка байланыштуу суу тартыштыгы байкалууда. Ошон үчүн күн, шамал, жылуулулук электр станцияларынын үстүндө иштөө зарыл. 

-- Электр энергиясына коюлган тарифтер жөнүндө дайыма эки ача пикирлер айтылып жүрөт. Баа саясытына да токтолуп өтсөңүз?

-- Бүгүнкү тарифтер чындыгында туура эмес. Баа саясаты экономиканын эмес, социалдык негизде эсептелип жатат. Аны элге жетпейт деп эле 700 киловаттка чейин 70 тыйындан беришүүдө. Баа саясатын жөндөө үчүн өздүк нарктын негизинде тариф коюлушу керек эле. Башкача айтканда, электр энергиясына болгон бааны жогорулатуу талабы бар.

-- Электр энергиясынын бизге ылайыктуу альтернативдүү варианттары катары эмнелерди сунуштайсыз?

-- Альтернативдүү варианттар толтура. Мисалы, Төмөнкү-Нарын каскад ГЭСи иштеп атат. Ортоңку-Нарын каскадынын курулушу токтоп, Камбар-Ата ГЭСинин бир агрегаты ишке кирип калды. Көкөмерен, Жумгал, Арал ГЭСтери бар эле. Ошолордун баарын куруп, иштетсек болмок. Бирок, суунун көлөмүнүн азайып баратканын эске алсак, анда башка варианттарга өтүү керек. Калак көмүр бассейнинин кору көп. Ошол жерге ЖЭБ курса болот. Андай болсо түндүк боюнча генерация пайда болмок. Суудан электр өндүрүүгө көз карандуулуктан арылмакпыз. Жумгал районунун өнүгүүсүнө шарт түзүлмөк. Шамалдын күчүнөн, күн нурунан турган станцияларды куруу боюнча инвестицияларды тартууга мүмкүн болгон менен анын алкагында эч бир иш жүргөн жок. Бирок, өзүбүз көрүп аткандай, азыр дүйнө жүзү мунун үстүндө иштеп атат.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер